Menu

Жээнбеков Путин тарабынан жакындатылып, Атамбаевден Кремль кол үздү

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков өткөн бейшемби күнү Москвадагы Дүйнөлүк футбол чемпионатынын ачылышына катышты. Ачылыш аземинен мурда Владимир Путин аны Кремлде кабыл алып, мигранттардын кара тизмесин толугу менен жоюу боюнча сөз берип, баардык жактан кызматташууну тереңдетүүгө даярдыгын жашырган жок. Стадиондо Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин жанына отуруп, аксакал экөө кадимкидей ага-инидей жакын жана ишенимдүү мамиледе экенин Кремль таркаткан расмий сүрөттөрдө көрүнүп турду. Сауд Аравия менен Россиянын биринчи оюндун тыныгуу бөлүгүндө болсо, Жээнбековду Путин өзүнүн эң сыйлуу оң колуна отургузуп, сол колуна сауд шахзадасы Мухаммед бин Салманды отургузганы президентибиз кыска мөөнөттө жогорку аброй таба алганынын далили болду. Мурунку аптада болсо Кремлдин эң жогорку маалымат булактары жалпы Россиялык элитага “Атамбаев пара адалдоого катышы бар” деген билдирүү таркаткан. Жээнбеков менен учурашып, узаткандан кийин болсо, “Коммерсант” атуу абройлуу гезитте “Атамбаев россиялык тик учактарды Угандага мыйзамсыз ижарага бергенге аракеттенген” деген маалыматты бастырышты. Муну көргөн серепчилер, Путин Атамбаевди колдогондо, аны дагы дүйнөлүк кубок ачылышына мурунку президенттер Николя Саркози, Герхард Шредер, Сильвио Берлускони жана башкалардын катарында катыштырмак. Азыр толугу менен Жээнбековду колдоорун, Атамбаевге болушпасын, керек болсо тескерисинче тик учактар скандалы сыяктуу маалыматтык чабуул жагынан колдоо көрсөткөнгө даяр экендигинин белгиси катары кабыл алышты.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: