Menu

Дайырбек Орунбеков: “Саляновага козголгон кылмыш иши саясий кысым, Атамбаевдин түздөн түз киришип жатканы”

Бөлүшүү:

Бир кезде Аида Салянова кылмыш козгоп, аны каматып жибере жаздаган журналист Дайырбек Орунбеков интернеттеги “фейсбук” баракчасына Саляновага козголгон кылмыш иши тууралуу оюн жазып, коомчулукту депутатты коргоп калууга чакырды. Тексти сунуштайбыз:

Аида Саляновага козголуп аткан  кылмыш иш боюнча мындай ойдомун. Мен, жыгылган адамды тепкилегенди жаман көрөм жана ага дайым кол сунам. Азыр, Саляновага козголгон кылмыш иши саясий кысым, бийликтин тактап айтканда Атамбаевдин түздөн түз киришип жаткан жумушу. Эсиңерде болсо, убагында Алмаз Атамбаев Салянованы айга-күнгө теңеп, мактап сыйлык берди эле. Эми, Салянованы Атамбаевдин ирип бараткан бийлигин сынга алган үчүн кылмышкер, мокочо кылып көрсөтүп жатышат.

Аида Жеңишбековна, сиз дагы периште эмессиз. Убагында азыр өзүңүзгө болуп жаткандай абийирсиз иштерди сиз башкаларга колдонгонсуз. Мен башканы мисал кылбай эле коеюн, мага карата Атамбаевди 2010-жылдагы Ош коогалаңына күнөөлү деген пикирим үчүн кылмыш козгоп, 3 жылга каматып жибере жаздагансыз. Кийин сиз Башкы прокурор кызматынан кеткенде, ал кылмыш ишти Индира Жолдубаева кайра артка чакырып алган. Сизге караганда жумшагырак жана мыйзамдуурак жол менен кысым кылганга барышты. Президенттин кадыр-баркына шек келтирди деп 2 000 000 сом моралдык чыгым талап кылып сотко беришти.  Ошол сиз баштаган кылмыш иштин уландысы эмдигиче уланып, мен 2 000 000 сом президентке доого жыгылып, эми  мени камайбыз деп соттошуп жүрөм.

Ушунун баарына сиз адилетсиздик кылгансыз. Бул боюнча Клара Сооронкулова “журналистке мыйзамсыз иш козголду, 329-беренеге Орунбековдун айткандары субъект болбойт”,-деп калыстыгын айтканы үчүн ал да бийликтин куугунтугун жеп, кызматынан алынды. Муну сиз байкадыңызбы же ал убакта көзүңүздү май басып турганда билбей калдыңызбы, ал сиздин абийириңизде.

Эми тагдырдын тамашасын караңыз, убагында сиз кызмат кылып жүргөн Атамбаевдин бийлиги, желдеттери сизди адилетсиз куугунтуктап, сиз дагы айткан сын сөзүңүз үчүн, чындыгыңыз үчүн кысымга алындыңыз.

Эми, көп нерсени түшүнсөңүз керек. Кеч болсо да Атамбаевдин акыйкатсыз бийлигинин кемчилигин айтканга даап жатасыз, аныңызга рахмат.

Мен, сизди аяйм,  аял катары, эне катары жана учурда чындыкты айтып жаткандардын катарында болуп жаткандыгыңыз үчүн бийлик адилетсиздигинен коргой турган адамдардын катарында болом. Жыгылсаңыз кол сунам, жакшы сөзүмдү айтам. Ылайым куру-дооматтан кутулуп кетиңиз! Саясий куугунтуктун курмандыгына салып бербей Салянованы коргоп калууга коомчулукту чакырам!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: