2018-жылдын 12-март күнү Ош шаарында КР ӨКМдин аймактык кафедранын окутуучулары тарабынан Ош, Баткен облусунун райондорунан жана Ош шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин башчыларына окуу өткөрүштү. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда Ош, Баткен облусунун райондорунан жана Ош шаарынан келген Ош шаарындагы Билим берүү Институту менен өз ара аракеттешүү мерчеминин негизинде жана жогоруда аталган институтта билимдерин жогорулатып жаткан мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин башчыларын окуудан өткөрүштү.
Катышуучуларга ӨКМдин окутуучулары тарабынан өзгөчө кырдаалдар боюнча түшүнүк, өзгөчө кырдаалдардын мүнөздөлүшү, турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери, өрт коопсуздугу жана өзгөчө кырдаалдардан сактануу эрежелери боюнча маалыматтар берилди.
Окууга жалпысынан 23 угучу катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ