Жогорку Кеӊеш жыйынында Бишкек ЖЭБдеги авариянын себептери жана анын кесепеттерин жоюу боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда, депутат Руслан Казакбаев Премьер-министрге кайрылып, аварияга байланыштуу кимдер өз каалоосу менен отставкага кетүү жөнүндө арыз менен кайрылганына кызыкты.
Премьер-министр Сапар Исаков азырынча бир гана кызмат адамы – Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев өз каалоосу менен отставкага кетүү жөнүндө арыз менен кайрылганын, бирок анын мындай өтүнүчүн канааттандырбаганын билдирди.
«Мен жаӊыдан өкмөт башчы болуп келгенде эле Айбек Калиевдин командасын сүйлөшүүгө чакырып, анын келечек пландары менен тааныштым. Чынын айтыш керек, анын жакшы пландары бар экен, мага абдан жакты. Албетте, андай чоӊ пландардын дароо эле ишке ашуусу кыйын. Азыр деле ал абадан жигердүү аракеттерди жасоодо. Ошол жагын эске алуу менен, мен анын отставкасына макул болгон жокмун», – деди Өкмөт башчы.
Белгилей кетсек, жыйынга биринчи Премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ