Menu

Сот Навальныйдын Путинге каршы арызын четке какты

Бөлүшүү:

Москванын Тверь райондук соту оппозициячы Алексей Навальныйдын Орусия президенти Владимир Путинге каршы жазган арызын кароодон баш тартты. Бул тууралуу Коррупцияга каршы күрөшүү корунун юристи Иван Жданов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Сот өз чечимин Навальныйдын эркиндиги менен мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтирилбегендиги менен түшүндүрүп, анын арызы административдик сот өндүрүшүнүн тартибинде каралууга жатпай тургандыгын билдирди.

Өткөн аптада Москва соту оппозициячынын Путинге каршы арызын каттаган. Навальный Кремлди анын 2018-жылдын мартындагы президенттик шайлоого катышуу аракеттерине тоскоолдук жаратып жатат деп айыптоодо.

Оппозициячыл саясатчы соттолгондугу жоюлбаганына байланыштуу президенттикке талапкер боло албайт деген БШКнын бүтүмүнө карабай шайлоого катышуу аракетин көрүүдө. Орусиянын көптөгөн шаарларынын бийликтери Навальныйдын тарапташтары менен жолугушууларды өткөрүүсүнө уруксат берүүдөн баш тартышууда. Анын штабдарынын ыктыярчылары менен кызматкерлери бийлик тарабынан басым жасоолорго, коркутуп-үркүтүүлөргө жана кол салууларга дуушар болуп келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: