Вице-премьер минитср Темир Жумакадыров, анын жардамчысы жана айдоочусу жол кырсыгынан каза тапканына 4 айдын жүзү болуп калды. Андан бери тергөө бүтүп, иш сотко өткөн. Жумакадыровдун жол тандабас авто унаасын сүзгөн КамАЗдын айдоочусу Афтандил Таалайбек уулунун күнөөсү далилденгени айтылды. Мамлекеттик айыптоочулар аны 11 жылга эркинен ажыратууну сурап жатышат. Жол кырсыгынан мамлекетке 2 миллион 127 миң сом зыян келтирилгени айтылып, бирок айыпталуучу аны төлөй албай турганын белгилеген.
Булак: Багыт
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ