Menu

Эл өкүлдөрү курулуп жаткан мектептердин сапатына көңүл буруу талабын коюшууда

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште өлкөнүн мектепке чейинки билим берүүчү жана жалпы билим берүүчү уюмдарынын имараттарынын курулушунун жүрүшүнө арналган өкмөттүк саат өтүп жатат. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Жыйынга вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова, Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин директору Бактыбек Абдиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Суроо-жооптун жүрүшүндө депутат Бакирдин Субанбеков ички миграциянын күчөшү менен мектептерде бир партада 3төн окуучу окуп жатканын белгиледи. Ал эми депутат Камчыбек Жолдошбаев курулуп жаткан мектептердин сапаты начар болуп жатканына өзү күбө болуп, курулушчулар дагы айтып жатканын билдирип, ага Нарын облусунун Нарын районундагы Эчки-Башы айылындагы мектепти мисалга тартты.

Мектептердин курулуш сапаттары боюнча теманы депутат Улан Примов улады. Анын айтуусу боюнча, маселен, 20 млн сомго курула турган мектептин тендеринде 10 млн сом сунуштаган компания утуп алып жаткан көрүнүштөр бар. “Мындай жагдайларда кайдагы сапатты айта алабыз. Мектеп курулушунда сапатка өтө чоң көңүл буруу керек болуп жатат”,- дейт депутат.

Депутат Төрөбай Зулпукаровдун суроосунан кийин, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомунун негизинде бүгүнкү күндө жалпысы 209 мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча өз максатына кайтарылгандыгы белгилүү болду. Анын 84ү иштеп жатат. Кайтарылган 19 бала бакчага капиталдык ремонт керек. Калгандары соттук териштирүүдө.

Мындан сырткары, жыйын жүрүшүндө жер-жерлердеги мектеп, бала бакчалардын курулушу каражат толук бөлүнбөй бүтпөй жаткандыгы боюнча бир топ сын-пикирлер айтылды. “Курулушун баштап, бирок каржыга шылтоолоп таштап койгон мектептер абдан көп. Курулуштар дагы бир нече жылга созулса, буга чейинки кеткен мээнет, жумшалган каражат текке кетет. Бул шалаакылык.”,- дейт депутат Улукбек Ормонов.

Суроо-жооп уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: