Menu

Айя Тентимишева, стюардесса: “Менин ар бир күнүм жаңы саякат менен башталат”

Бөлүшүү:

Дүйнө жүзүнүн төрт тарабында биздин билимдүү-илимдүү жаштарыбыз ар кыл кесипте эмгектенишет. Алар – чет тилин суудай билген, аракетчил улан-кыздар. Ошондой жаштарыбыздын бири Айя Тентимишева  Бириккен Араб Эмираттарынын борбор шаары Абу-Дабиде жайгашкан Etihad airways авиакомпаниясында стюардесса болуп эмгектенет. Айя бүгүн бизге кесиби, жашаган шаары тууралуу айтып берди.

Айя, балалыгың Кыргызстандын кайсы аймагында өттү эле?

– Мен Бишкек шаарында төрөлгөм. Ата-энем көчүп-конуп жүргөндүктөн менин бала чагымдын туруктуу бир жерде өткөнү эсимде калбаптыр. Бирок борбор калаабыздын 3-кичирайонунда жайгашкан тайнемдин  үйү мага өз үйүмдөй сезилчү. Ушул күнгө чейин ал үйгө кайтып баруу өтө жагымдуу жана жылуу. Тайнемдин үйү  балалыгымды эстетип, бактылуу ирмемдерге жетелейт.

– Бул кесипти кандайча аркалап калдың?

– Алгач  Дубайга иштөө үчүн келгем. Бирок англис тилин жакшы үйрөнгөн билимим менен Араб борбору аркылуу дүйнө жүзүнө таанымал, кадыр-барктуу авиакомпанияда  качандыр бир мезгилдерде стюардесса болуп эмгектенип калам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Убакыттын өтүшү менен алган билимимди, күчүмдү сынап көрүүнү чечтим. Менин улуу бакыт үчүн жасаган аракетим ийгиликтүү болуп, жашоомдун жаңы барагы ачылды. Мен эмгектенген Etihad airways  авиакомпаниясы – Бириккен Араб Эмираттарынын улуттук авиакомпаниясы. Дүйнө жүзүндөгү беш жылдыздуу бул авиакомпания Абу-Дабиде жайгашкан. Стюардесса кесиби абдан кызыктуу. Бул кесиптин аркасы менен Канада, Австралия, Түштүк Африка, Марокко, Малайзия, Вьетнам, Франция, Италия, Ирландия, Швейцария, Бельгия жана башка  өлкөлөрдө болууга жетиштим. Аманчылык болсо, бул тизме дагы улана берет деп ишенем.

– Стюардессалар башка кесип ээлеринен эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

– Жашоого болгон көз карашың өзгөрөт. Мурда ишке ашпачудай болгон кыялдагы жашоого, ийгиликтерге ар бир күнүңдү туура пландаштыра билсең, сөзсүз жетээриңди түшүндүм. Etihad авиакомпаниясынын дүйнө жүзү боюнча 146 багытка каттамы бар. Ошондуктан, дээрлик ар бир жаңы  учуу жашооңо жаңылык жана белгисиз бир нерсе алып келет. Биздин таңкы тамагыбыз бир континентте болсо, кечки тамактануубуз таптакыр башка континентте өтөт. Албетте, медалдын эки жагы бар. Жашоо  өзү ак-карадан, жамандык-жакшылыктан турат. Бирок менин кесибимдин ак жана жакшы нерсеси алда канча көп болуп саналат.

– Дүйнө жүзүнүн жүргүнчүлөрү кыргыздын кызын кандай кабыл алышат?

– Биздин авиакомпанияда 140тан ашуун ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү эмгектенишет. Ошондуктан жүргүнчүлөрдү улуттардын жүзү көп деле таңгалдыра бербейт. Мени көпчүлүк улуттар Кыргыз деген эл бар экенин биле беришпегени өкүндүрөт. Бирок мен Кыргызстаным, мекеним, көк мелжиген тоолорубуз, мелмилдеген Ысык-Көлүбүз тууралуу сыймыктануу менен айтып берем.

Бул кызматта иштөөгө көп талаптар коюлабы? Жолдо кандай кызык окуялар болот?

– Албетте, ар бир кесиптин өз талаптары бар. Ар бир кесипке жогорку деңгээл, тажрыйба, билим керек. Биз ар бир талапты аткара билебиз. Биринчиден, тилди, адамдар менен байланыш ыкмаларын билишиң керек. Жагымдуу көрүнүшүң, жылуу саламдашууң болушу керек. Көптөгөн кызыктуу окуяларга да туш келебиз. Бирок баары эсиңде кала бербейт экен. Кээде самолет бортунда төрөт кабыл алган учурлар да болуп калат. Ошондуктан ар кандай кырдаалга даяр турушубуз керек.

– Бир күндүк жашооңор кандай өтөт?

– Эгерде бул күнүң жумушчу күн болуп саналса, ишибиз учууга даярдануу менен башталат. Компания абдан чоң болгондуктан күн сайын ар түрдүү иш-чаралар жана жаңылыктар болуп турат. Менеджмент ар бир авиакомпания кызматкеринин электрондук почтасына болгон жаңылыктарды жана биз кайсы өлкөгө, кайсы шаарга аттанаарыбызды дагы маалымдап турат. Компания стюардед менен стюардессалардын сырткы көрүнүштөрүнө да өзгөчө көңүл бурат. Ошондуктан чыкыйып туруу үчүн сырткы келбетибизге убакыт көп коройт. Андан соң белгиленген маалда автобус келип, жүрөгүңө жакын болуп калган аэропортко жеткирип коет. Ар бир күнү жаңы саякат, жаңы кесиптештер, жаңы жүргүнчүлөр. Мен бул ишке киргенден бери 14 сааттык жол жүрүүдөн соң чарчап-чаалыгып турсам да, барган шаарымды кыдырып, көрүп кетүүгө аракеттенем. Азыр авиакомпания эс алууга өзүнчө убакыт бөлүп, шаарларды кыдырууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошентип менин күнүм жаңы өлкөдө, кычыраган мейманкана номериндеги кенен керебетте тынч эс алуу менен аяктайт.

– Сен жашаган Абу-Даби шаары эмнеси менен жагат? Мекениңди сагынасыңбы?

– Абу-Даби шаары абдан  кооз жана коопсуз шаар. Ал жерде үшүп калам деп кабат-кабат кийинбейсиң. Жайында күн өтө ысып кетет. Бирок бардык жерде кондиционерлер иштеп турат. Албетте, Мекенимди, Бишкектеги досторумду абдан сагындым. Бирок кесибиме байланыштуу мекениме анда-санда гана каттап турам. Айрыкча кыш күндөрүндө үйгө барып келүүгө же жакын адамдарымды конокко чакырып алууга жакшы мүмкүнчүлүктөр болот.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: Параграф

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: