Menu

Бишкек ЖЭБдеги авариянын кесепеттерин жоюп, кадимки режимге түшүүсү үчүн бери дегенде 1,5-2 апта керек

Бөлүшүү:

Бул тууралуу Жогорку Кеӊеш жыйынында Бишкек ЖЭБдеги авариянын себептери жана анын кесепеттерин жоюу боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда белгилүү болду.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев өкмөт мүчөлөрүнөн Бишкек ЖЭБ канча убакыттан кийин кадимки режимде иштей баштай турганын сурады.

«Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев эки күндөн кийин кадимки режимге түшөрүн билдирди.

Анын сөзүнө анчалык ишенбей калганын айткан Премьер-министр Сапар Исаков депутатка Бишкек ЖЭБдеги авариянын кесепеттерин жоюп, кадимки режимге түшүүсү үчүн бери дегенде 1,5-2 апта керектигин билдирди. «Мен бир аз запасы менен убакыт сурап жатам. Баарын текшерип чыгууга убакыт керек. Иликтөө жыйынтыгы чыгары менен Өкмөттүн жыйынын өткөрүп, тиешелүү чараларды кабыл алабыз», – деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, жыйынга биринчи Премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышууда.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: