Menu

Жанета Усупжанова, КР эмгек сиңирген артисти: “Юрий Бобковдун акылы жок… Денис болсо өзүнөн чоң катын алып, ошо менен жашап жүрөт”

Бөлүшүү:

Ырчы Жанета айымдын кайнатасы Юрий Бобков социалдык баракчасына: «Я терпел до последнего… Насколько этот человек – Жанета может быть таким бессовестным! Элдин баары билет, Жанетанын ичкенин, эркектер менен жүргөнүн, анын баарын апасы да көргөн… Азыр болсо Денисти жамандап атат! Денис балдарына үйүн калтырып, өзү чыгып кетти. Жардамын көрсөтүп жүрөт. Күндө Жанетанын мастыгын көрүп чыдабай үйдөн чыгып кетти….» деп жазып чыкты. Биз Жанета менен байланышып, төмөндөгүлөрдү тыңдадык.

– Юра байкебиздин…

-Окудуңуз да, ошо туурабы? Туура эмес да!

– Негизи, Юра байкебиз жазгандай болгонбу?

– Албетте каралоо, өзүн актап… акылы жок, ошон үчүн жазып жатат да. «Ичип, эркек­тер менен жүрүп, анан балам чыгып кеткен» деп.

– Жанета, бул качантан бери келаткан нерсе?

– Эки жылдан бери жашабайбыз. Балдарым чоңоюп калды. Өзүмдүн колумда. Менин карамагымда. Жардам бергендин ордуна, бут тосуп, көралбастык сапат… деген бо­лот экен. Канчасына көз жумуп жүрдүм.

– Денис экөөңөрдүн ортоңордо канча бала бар?

– Улуу кызым 16га келди, уулум 14тө.

– Денис эмне деп атат?

– Денистин ордуна бүт баардыгын атасы чечип атпайбы. Мындан мурун мен «мынакей, кызыбыз да чоңоюп калды. Турмушка чыкса чоң куда болуп төрдө балпайып отуруп бересиз. Чырдашпайлы, элдешели» дегем. Такыр көгөрүп болбой койгон.

Чырдын башы эмнеден чыккан?

– Эми анын баарын айтып отуруунун кажети барбы, билбейм. Убагында баласынын «диктаторлугунун» айынан сотко берип, эки жыл мурун расмий ажырашканбыз. Өзүнөн чоң катынды алып, ошо ме­нен жашап жатат. Балдары менен иши жок, карабайт.

– Денисти «диктатор» дегениңе түшүнбөй калдым?

– Урчу, сабачу… Ушунун ба­арын ортобузда эки бала үчүн эч кимге айтпай келгем. Ма­га оор болчу, бирок айткан эмесмин.

– «Үйдү таштап чыгып кет­кен» дегенинен улам суроо туулат: азыр кимдикиндесиң?

– Бул үйдү Денис экөөбүз бирге түтүн булатып баштаганда өз ата-энем жана өкүл атабыз алып берген. Жарым үйдө (полдом) жашайм, ошону көп неме кыла бербесинчи, кайсы арына калтырат? Кайнатамдын атын канчалаган чет мамлекеттерге барып чыгарып, даңазалап келгем. Ошону түшүнбөй эле кай­ра мени каралап атканына акылым жетпей жатат.

– Эми эмне кылайын деп атасың, сен тараптан кандай реакция болмокчу?

– Эч кандай, эмне кылмак элем? «Битке өчөшүп көйнөгүмдү өрттөмөк» белем? Сиз билесиз го, мен тынч эле, унчукпай эле жүрөм.

– Соцтармакта сен жөнүндө айткан пикирлерди карап көрдүңбү?

– Жакшы да, жаман да ай­ткан пикирлер үчүн рахмат! Элдин көзүндө болгон адам үчүн жашоодо бир топ эле оор болоруна ишендим. Бирок, мен сынбайм жана чөкпөйм, кайра кубат алып, кадамым мурдагыдан чоң арыш алып барат. Албетте, менин жеке жашоом бирөөлөрдүн талкуусуна жем таштаганына жаным кейип турат, аны жашыра албайм. Бирок бул өтөт, убакыт деген чоң мектеп бизди тарбиялайт. Мен актанып, кайнатама тике карап ачуу чындыкты айта албайм. Ага тарбиям да жол бербейт. Канткен менен балдарымдын чоң атасы. Бирок, адамдык жеке кадырыма шек келтиргенине жол бербейм. Ушул убакка чейин балдарымды эч кимдин колун каратпай багып келгем, дагы деле багам. Ал эми жа­шап жаткан үйүм Бобковдорго такыр тиешеси жок. Ал менин ата-энем жана өкүл атам алып берген үй.

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Булак: Азия Ньюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: