Menu

Рогун ГЭСинин биринчи агрегаты быйыл ноябрда ишке берилет

Бөлүшүү:

Тажикстанда Рогун ГЭСин куруу менен алектенип жаткан италиялык Salini Impregilo компаниясынын башчысы Пиетро Салини өлкө президенти Эмомали Рахмон менен жолугуп, электр станциянын алгачкы агрегаты быйыл 16-ноябрда ишке берилерин убадалады.

Пиетро Салини ГЭСтин курулушу менен таанышып, иштин ыргагына ыраазы болгонун айтты.

Өткөн жылы компания Рогун ГЭСинин алгачкы эки агрегаты 2018-жылы пайдаланууга берилерин жана иштелип чыккан электр энергиясы өлкөнүн бирдиктүү энергетикалык системасына жеткирилерин билдирген.

Тажик өкмөтү менен Salini Impregilo компаниясынын ортосунда Рогун ГЭСин куруп бүткөрүү боюнча макулдашууга былтыр жайында кол коюлган. Тажик бийлигинин маалыматы боюнча, келишим баасы 3,9 миллиард долларды түзөт. Суу сактагычтын плотинасынын эле курулушуна 1 миллиард 950 миллион доллар талап кылынат.

Өлкөнүн каржы министрлигинин маалыматы боюнча, калк арасында «Рогун ГЭСи» акционердик коомунун акцияларын сатуудан 80 миллион доллардан ашык каражат топтоого мүмкүн болгон. Өткөн жылы электр станциясын куруп бүткөрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 2 миллиард сомони (225 миллион доллардан ашык) бөлүнгөн.

Рогун ГЭСи Вахш дарыясындагы гидроэлектрстанциялар каскадынын тогузунчусу болуп эсептелет. Ал Душанбеден 110 чакырым алыстыкта жайгашкан. ГЭСтин 335 метр бийиктиктеги плотинасы таштан жана топурактан курулган дүйнөдөгү эң бийик плотина болуп калат.

Эмомали Рахмон плотина Вахш дарыясынын төмөнкү агымында пайдаланылган ирригация менен сугат жерлерди, анын ичинде коңшу өлкөлөрдү суу менен камсыздоого мүмкүндүк бере турганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: