Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Тажикстан Республикасына расмий визитинин жыйынтыгы боюнча бүгүн, 1-февралда биргелешкен документтерге кол коюу аземи болду
Президент Сооронбай Жээнбеков менен Президент Эмомали Рахмон Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.
Расмий визиттин жүрүшүндө төмөндөгү документтерге кол коюлду:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда соода-экономикалык кызматташтык Программасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат менен Тажикстан Республикасынын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча агенттиктин ортосунда кызматташтык жөнүндө Макулдашуу;
Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы менен Тажикстан Республикасынын Президентине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиясы мамлекеттик мекемелеринин ортосунда жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо чөйрөсүндө кызматташтык жөнүндө Макулдашуу;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлигинин ортосунда саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө Макулдашуу;
КР Тышкы иштер министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда кызматташтык Программа;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Телекөрсөтүү жана радио уктуруу боюнча комитеттин ортосунда кызматташтык жөнүндө Макулдашуу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын Тажикстан Республикасынын территориясында жана Тажикстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын территориясында болуу тартиби жөнүндө Макулдашуу;
2017-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Баткен облусу менен Тажикстан Республикасынын Согдий облусунун ортосунда коңшулаштык өз ара мамилелерди жана достукту чыңдоо боюнча кызматташуу Планы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ