Республикачы сенатор Жон Кеннеди президент Трамп «Өлкөдөгү абал тууралуу» Конгресстеги кайрылуусунда Орусияга каршы санкцияларды киргизүү темасына кайрылышы керек болчу деп эсептейт.
“Дональд Трамп эмне үчүн Орусияга каршы санкцияларды киргизүү маселесин кийинкиге калтырып келатканын Америкага түшүндүрүп берсе болмок. Анткени Путин акыркы беш жылда өзүн гангстер катары алып жүрүүдө”, — деп билдирди сенатор CNN телеканалына берген маегинде.
Дүйшөмбүдө Трамптын администрациясы Орусиянын аткаминерлери менен ишкер чөйрөсүндөгү айрым адамдардын тизмесин жарыялаган. Бирок Орусиянын 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишкендигине жооп катары аларга каршы кошумча чектөөлөрдү киргизүүдөн баш тарткан.
Сенаттын эл аралык комитетинин төрага орун басары, демократ Бен Кардин дагы президент АКШдагы демократиялык жараяндарды бузуу боюнча Орусиянын аракеттери тууралуу айтпаганын сынга алды. “Орусия АКШнын коопсуздугу үчүн чоң коркунуч жаратууда. Ал быйыл ноябрда Конгресс мүчөлөрүн шайлоого дагы кийлигишүүсү мүмкүн. Биз жакында эле Орусиянын Чехиядагы шайлоодогу аракеттерин көрдүк. Путин башка өлкөлөрдөгү демократиялык тартиптер менен манипуляциялоого аракет кылууда. Президент Тармп «Өлкөдөгү абал тууралуу» кайрылуусунда Кремлдин кылып жаткан иштери тууралуу айтууга милдеттүү болчу», — деди Кардин.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ