Menu

ЖКдагы көпөстөрдөн пайда жок, таратыш керек

Бөлүшүү:

Төрт күндүк суукту көтөрө албай өлкөдө хаос болуп кетти. Өкмөт кышка даяр эмес экендигин ачыктады. Эски бийлик кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп туруп кете берген экен. ТЭЦке кеткен 380 млн АКШ доллары президенттик шайлоого жумшалгандай сезилип турат. Кандай болгон күндө да элдин убалына калышты. Кудайдан коркпой калышты биздин бийликтегилер. Шордуу эл экенбиз. Учурда депутаттар өкмөттү отставкага кетирүү демилгесин көтөрүп жатышат. А чынында өкмөттү эмес, Жогорку Кеңешти тез арада таратууга мезгил келип жетти. Депутаттардан элге эч кандай пайда жок. Керек болсо алар сессияга толук катышпайт. Парламентте жалаң коммерсанттар отурат. Алар өздөрү деле көчөдө чемичке сатып жүрүп депутат болушкандарын айрымдары мойнуна алып журналисттерге интервью берип жатышпайбы. Элдин ишенимине кирип шайланып келишкенден кийин, ТЭЦтин кышка даяр экендигин текшерип келишсе болот эле да. Кыскасы парламент тараш керек. Бул жалпы элдин каалоосу болуп турат. Көпөстөрдөн пайда жок.

Булак: Ачык саясат 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: