Бишкек шаарындагы жылуулук системасындагы кризис Энвер Гареев атындагы ботаникалык бактагы уникалдуу бир топ өсүмдүктөрдү тоңдуруп кетти. Ал эми иштеген илимий кызматкерлер каңырыгы түтөп, шалдырап басып жүргөн чагы. “Бул жерде 500дөн ашуун уникалдуу, чет жактан алып келген жана өлкөнүн ичинен көчүрүлгөн өсүмдүктөр бар. Негизи биринчи суук жалбырактарды алат, кийинки суук тамырына доо кетирет. Азыр канчасы өлүп, канчасы кайра өсүп чыгарын билбейм. Жылуулукту жалдырап күтүп отурабыз” деп билдирди ботаникалык бактын лаборатория жетекчиси Ирина Бондарцова.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ