Бишкекке Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагы менен дарыгерлердин экинчи тобу келди. Бул тууралуу Россиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, эпидемиологдор, жугуштуу оорулар боюнча дарыгерлер, Москва жана Уфадан келген башка адистер кыргыз кесиптештерине коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө практикалык жардам көрсөтүшөт.
25-июлда Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин дагы бир атайын рейси – медициналык жабдуулардын жана дары-дармектердин ири партиясынын келиши күтүлүүдө.
Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 22-июлда Россиянын медицина кызматкерлери Кант шаарындагы авиабазага келип конгон. 120 медицина кызматкерлери жасалма дем алдыруучу аппарат, кычкылтек концентраторлорун, пульсоксиметр жана башка жабдыктарды алып келишкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ