Menu

Сапар Исаков: «МБК реформалоонун алгачкы жыйынтыктары: 2018-жылдын январь айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бажы төлөмдөрү дээрлик эки эсеге көп жыйналды»

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков КР Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) төрагасы Кубанычбек Кулматов менен кызматтын 2017-жылкы ишинин, ошондой эле 2018-жылдын январь айынын жыйынтыктарын талкуулады.

Баяндаманын жүрүшүндө Кубаныбек Кулматов Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди: «Сиздин тапшырмаңыз боюнча биз акыркы бир жарым ай ичинде бажы төлөмдөрүн администрациялоо тутумун жакшыртуу үстүндө күчтөндүрүлгөн иш алып бардык, ал өзүнүн жыйынтыктарын берүүдө. Тактап айтканда, 2018-жылдын январь айында 2,8 млрд сомдон ашуун бажы төлөмдөрү жыйналган, бул пландаштырылган суммадан 907,3 млн сомго жогору».

Баяндаманы уккан соң, Сапар Исаков Мамлекеттик бажы кызматын реформалоо КР Өкмөтүнүн ишинин артыкчылыктуу багыты катары саналаарын белгиледи.

«Бажы төлөмдөрүн администрациялоону жакшыртуу, коррупция деңгээлин төмөндөтүүгө байланыштуу реформалардын алгачкы жыйынтыктары бир жарым ай ичинде мамлекеттик бюджетке өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эседен көп түшүүлөрдү алып келди. Биз бажы органдары боюнча түшүүлөрдүн өсүү динамикасын көрүүдөбүз жана бул абдан кубандырат, айрым бажы органдары боюнча түшүүлөр бир нече эсеге жогорулады. Мен бажы тармагында резервдер жана чоң мүмкүнчүлүктөр бардыгына ишенем. Коррупцияга каршы күрөшүүдө чечкиндүү кадамдардын жасалышын талап кыламын» – деди Сапар Исаков.

МБК маалыматы боюнча, Борбордук бажыга күн сайын түшкөн төлөмдөр бир ай мурун 30 млн сомду түзсө, азыр эки эсеге (болжолдуу 60 млн сом) жогорулаган. Ош бажыканасында бажы төлөмдөрү 10 эсеге жогорулаган. Мурда Ош бажыканасы күнүнө 1,5 – 2 млн сом чогултса, бүгүнкү күндө күнүнө15 млн сом чогултулууда.

Андан соң Кубанычбек Кулматов Өкмөт башчыга 2017-жыл үчүн МБК тарабынан бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 34,2 млрд. сом көлөмүндө камсыз кылынгандыгын, болжол 98,4% аткарылгандыгын маалымдады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Премьер-министр жана Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы кызматты реформалоо боюнча келечектеги чараларды талкуулады.

Маалымдама:

2018-жылдын январь айында 2,8 млрд сомдон ашуун бажы төлөмдөрү жыйналган, ал эми болжолдонгон көлөм 1,9 млрд сомду түзгөн эле. Өсүү темпи 146,2% түзүп, же 907,3 млн сомду түзгөн. Өткөн жылдын көрсөтүлгөн мезгилинде (январь 2017-ж.) болгону 1,6 млрд сом жыйналган, бул дээрлик эки эсеге төмөн.

Бүгүнкү күндө Ош бажыканасы күнүнө болжол менен 15 млн сом төлөм чогултууда, ал эми болжолдонгон сумма 7 млн сомго жакын болуусу керек эле. Мурда Ош бажыканасы болжолдонгон 7 млн сомдун ордуна иш жүзүндө болгону 1,5-2 млн. сом гана чогултуп турган.

Жалпы чогултулган бажы төлөмдөрүнүн суммасынын ичинен алымсыз бажы төлөмдөрү 1 млрд. 838,1 млн. сомду түзгөн (болжолдонгон көрсөткүчкө карата 190,0% түзгөн, же белгиленген пландан 870,8 млн. сомго жогору). ЕАЭБ жөнүндө Келишимге ылайык түшүүчү киргизүү алымы 1 млрд. 33,2 млн. сомду түзгөн (болжолдонгон көрсөткүчкө карата 103,7% түзгөн, же коюлган пландан 36,5 млн. сомго көп).

Маалымат катары билдирсек, 2018-жылдын январь айына карата бажы төлөмдөрүн жыйноо боюнча болжол 1 млрд. 964,0 млн. сом өлчөмүндө бекитилген, анын ичинде:

– алымсыз бажы төлөмдөрү – 967,3 млн. сом;

– ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшкөн алым – 996,7 млн. сом.

Төлөм түрү

Факт январь

2017-ж.

2018-жылдын январы үчүн факт

2017-жылдынфактысынан четтөө

Болжол

Факт

Аткарылды %

Четтөө

%

(+/-)

Жалпы киреше:

1 663,3

1 964,0

2 871,3

146,2%

907,3

172,6%

1 208,0

Алымсыз бажы төлөмдөрү

822,9

967,3

1 838,1

190,0%

870,8

223,4%

1 015,1

ЕАЭБ жөнүндө Келишимге ылайык киргизүү бажы алымы

840,3

996,7

1 033,2

103,7%

36,5

123,0%

192,9

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: