Menu

Ереванда бийликти басып алуу чакырыгына шектелип алты киши кармалды

Бөлүшүү:

Еревандагы башаламандыктардан кийин бийликти басып алуу жана конституциялык түзүлүштү күч менен кулатуу чакырыктары үчүн алты киши кармалды. Бул тууралуу армян өкмөттүнүн аппарат башчысы Эдуард Агажанян «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анын айтымында, кармалгандардын экөө Армян парламентинин спикери Арарат Мирзоянга кол салууга «активдүү катышкан».

Азербайжан менен тынчтык келишимге кол коюп, Тоолуу Карабактагы согушту токтотууга каршы болгондор 10-ноябрга караган түнү Армениянын өкмөт үйүнө кирип барышкан. Анда алар парламент спикерин автоунаадан сүйрөп чыгып, сабап салышканы кабарланган.

Тоолуу Карабак 1990-жылдардын башындагы согуш маалында Бакудан бир тараптуу өз алдынчалык жарыялап алган. Бул аймактагы кырдаал 27-сентябрдан бери курчуп, куралдуу чатак уланып жаткан.

10-ноябрь түнү Армения менен Азербайжандын жетекчилери Орусиянын арачылыгы алдында Тоолуу Карабактагы атышууну токтотуу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюшкан. Ал документке ылайык, Азербайжан соңку кагылышууда ээлеген аймактарга өз көзөмөлүн сактап калат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: