«Эмненин айтканы келбей, эмненин эметкени келет» деген сыяктуу сөз бар го, кудум ошондой болуп туру. Дегеним, кээ бирөө жактырбагандай маанайда мурдун чүйрүп жүргөн Мээрбек Мискенбаев деген жигиттин айтканы аткарылып, сүйлөгөн сөздөрү таамай чыгып жатканы эл арасында уу-дуу сөз болууда. Бул жигиттин «мээсине» шек келтирип жибергендер ушу тапта жакаларын мууна кармап атышат. «Көзү ачылганбы» же башкабы айтор Мээрбек мырза бирдеме деп койсо эле ал ишке ашууда. Маселен, шайлоодон кийин «Өмүрбек Бабанов деген ысым саясаттан чийилет» дегенде көпчүлүк ишенген эмес. Чакан аралыкта анысы тастыкталып, Бабанов жеке өзү саясатка жолобой турганын билдирип, мандатын тапшырып берди. Бул эле дейсиңерби? Андан мурун Текебаевди «камалат» деп, парламентте какшап турган. Аягын көрдүк. Текебаев ушу тапта абакта олтурат. Мындан улам Мээрбек менен жаакташкандан алыс болгонуңуз оң. Дагы бирдемени айтып жибербесин десеңиз Мээрбекке кеп сала көрбөңүз…
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ