Menu

«Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет»

Бөлүшүү:

«Все животные равны. Но некоторые животные равны более, чем другие» (англ. «All animals are equal, but some animals aremore equal than others»).

Джордж Оруэлл «Скотный двор»

Баш мыйзамдын 16-беренесинин 3-пунктунда «Кыргыз Республикасында мыйзам менен соттун алдында бардыгы теӊ укуктуу» деп бадырайта жазылып турат. Арийне, анын чындыгына чыпчаӊ ишенип жибере албайсыӊ. Баш мыйзамдагы бул кооз саптар өлкөдө азыркы социалдык жиктелүү процесси болуп көрбөгөндөй чегине жеткенин эсепке албаганы байкалбай койбостур. Азыркы тапта колунда барлар байыгандан байып, мантыгандын эле үстүндө экени, ал эми кедейлер менен жакырлар мышык ыйлагандай болгон абалга жетип, итке минип калган учур келгени жалган эместир. Социалдык жиктелүү өскөн сайын теӊ укуктуулукка болгон көз караштарда өзгөрүүлөр болуп жатканын моюнга албай кое албайбыз. Бир сөз менен ушу күндөрү «оозу кыйшык болсо да байдын баласы сүйлөп калганы» жалган эместир. Калгандары ооздоруна суу куюп алгандай тымпыйып туруп бериши керек. Уруксат берилип, кезеги жетсе «сүйлөй» алат, жетпесе жок. Канткен күндө да бийликтеги билеги жоондордун укугу катардагы карапайым адамдар менен бирдей, теңметеӊ деп айтуу кыйындын кыйыны. Биринин укугу экинчисинен кыйла жогору экенин моюнга алууга аргасызсыӊ.

Ошентип, бийлик төбөлдөрүнүн айтканы айткан, дегени деген. Мисал катары бийлик мыкчыгерлери менен оппозициялык маанайдагы бир катар журналисттер, укук коргоочулар, адвокаттар жана маалымат порталынын ортосундагы сот араздашуусун алдыга тартсак жетиштүү болор. Сот процесси көпкө узарган деле жок. Алда немедей болуп тез аяктады. Баш-аягы бир айга созулса созулгандыр, андан ашкан жок. Акыры райондук соттон баштап Жогорку сотко чейинки бүт инстанцияларында бүтүм токулуп—доогерлердин пайдасына бир жаӊсыл чечилди да калды. Доогерлер, баарыбызга маалим, экс-президент, тагыраак айтканда, анын ар-намыс менен абийирин коргоо чарасын моюндаган генпрокуратура менен азыркы президенттин, тагыраак айтканда ал кездеги мамлекет башчысына талапкер С.Жээнбеков. Соттун бүт тепкичи сүйлөшүп алгандай болуп жалпы бир ооздон бирдей бүтүм чыгарышты — экөөнүн ар-намысына жана абийирине шек келтирилип көлөкө түшүрүлгөн, чындыкка туура келбеген маалымат  таратылган делинип моралдык зыяндын ордун толтуруу  үчүн 3 миллион сомдон баштап 5 миллионго чейинки айып-пул төлөмүн бычышты да коюшту. Доогерлердин жан дүйнөсү жабыркаганы боюнча төлөм баш-аягы 60 миллионго чейин чаап барат. Тукулжурап турган карапайым калыӊ калк үчүн, айтуу керек — акылды ала качкандай болгон астрономиялык чоӊ сумма. Элестетип деле болбостур. Деги эле бул жолку болуп өткөн сот жараянынын өзү акылга сыя бербеген окуя катары юриспруденциянын тарыхында калары шексиз. Баарынан таӊ калычтуусу жогору жактын көзү менен чарк айланган соттордун бир да биринде ашкере кетип, «бөрк ал десе баш алып» жиберген жокпузбу деген күмөн-күдүк аралап, «эл эмне дейт» деген кылчактоо болбогонунда турат.  Соттун жүрүшүндө бүт мамлекеттик машина: жогору жактын шилтегенин шымалана аткарганга машташкан күч органдары, Генпрокуратура жана  бийликтин  кол баласындай болуп калган сот системасы бийлик төбөлдөрү болгон доогерлердин пайдасы үчүн шакылдап иштеп берди. Бир да жолу жаза басып жаӊылып-жазган учуру болгонун көрө албайсыӊ. Жогорудан түшүрүлгөн буйрук чагылгандай тез аткарылды дейсиӊ—айыпкерлердин кенедей да каяша кылып, кылапат келтиргенге бурчамы да жетишкен жок. Айткандай, бийлик олимпинде отургандар омуроологон карандай кара күчкө салышканын жаап-жашырбай ачыктан айыпкерлерди камалап турушту. Деги эле кысынып-кымтынуу деген ой аларда болгону күмөн. Кыскасы, алдууларың алсызын тырпыратып басты да койду десек болчудай.

Мындан сырткары бийликтин камчы чабар медиаресурстарынын баары түгөлү менен ишке салынганын байкоо кыйын эмес. Бийликтин т.а. бийлик мыкчыгерлеринин аброю менен ар-намысын коргоп берүүдө алар өздөрүнүн өлчөмсүз «салымын» кошконун белгилей кетүү жөндүү. Өкмөткө таандык ММКлар «карасанатай жана караниет» оппозициялык прессага каршы күрөштө бийликтин азыркы тандаган жолу акыйкат экендигин, сөз эркиндиги ашып-ташып отуруп чегинен чыгып кеткендигин, ошондуктан аларды оозун басып кемечтеп коюунун кезеги келгенин элдин кулагына кумдай куюп, коомдук пикир түзүүдө тикесинен тик туруп беришти. Төтөн, Карыпбековдун «кара жащиги» деп аталган КТР телеканалы бийликтин оппоненттерин жерден алып көргө, көрдөн алып жерге уруп, каралоо ишинде аттанып түшкөнү байкалбай койбойт. Айтмакчы, бара-бара КТРдын баш көтөргөндөрдү жыга чапканы өнөкөт дартка айланып кеткени жашыруун эместир.

«Кара жащиктен» бийликтин кебин кептеген, сөзүн сөздөгөн «кагаз пресса» да кем калышкан жок. Кай бир учурларда КТРдан ашса ашты, асты кем калышкан жок десе болор. Иши кылып «тескери баскан» оппозициялык көз караштагыларды теске салып «түздөп» турууда өздөрүн татыктуу салымын кошушканын, кошуп да жатышканын танууга болбойт. Баарынан өкүнүчтүүсү, бийлик менен анын оппоненттеринин карым-катышында бардыгына бирдей тегиз мамиле жасалбаганы, «өздү өздөй, бөтөнгө бөтөндөй» деп ыргаган принцип жүзөгө ашканына байланышат.  Агер, жогору жактын союлун ала чуркаган пресса бийликтин оппоненттеринин үстүнөн насыя ушак таратып, жалган жерден жалаа жаап жатса эч ким ооз ачпаган мыдыраган бейпилдик орнойт, ал эми, бийликке карата каяша кылып сын айтып көр, бүттү, чурулдаган чуу көтөрүлөт, ошо замат «тескерилерди» четинен жаткыра чабышат, бери болгондо соттон сотко сүйрөп айлаӊды алты кетириши турулуу иш.  Мындай чаӊырган адилетсиздик менен бир беткейликти бийликтин өкүлдөрү менен алардын рупорлору болгон журналисттери боло жүргөн «саясый күрөштүн» бири, ага эмнеге мынчалык тырчыйсыӊар да, мынчалык күйүгөлөктөйсүӊөр дешип жымсалдатып келип чыйт түкүрүп тескери басышы адаттагы көрүнүш.

Кыргызстан коммунисттик партиясынын лидери, ЖКнын депутаты Исхак Масалиев парламенттин жыйында нааразы болуп спикерге кайрылган эле.  Спикердин депутаттардын ар-намысы менен аброюна шек келтирилген ММКдагы ар бир факты боюнча тиешелүү чаралар көрүүгө милдетүү экенин белгилеп келип, прессанын депутаттарды сереӊдеген коен кылып алып артынан сая түшүп кубалаган адаттарын токтотууну талап кылган болчу. Бул сиздин түздөн- түз милдетиӊиз деген. Газеталарга мониторинг жүргүзүлүп, кайсы депутатты күнөөсүз жерден каралашканын аныктоонун зарылдыгы чыкканын белгилеген. Эгер чындыкка туура келбесе, анда жоопкерчиликке тартыш талап. Курулай жерден Жогорку Кеӊешти каралоого жол бербешиӊиз керек- деген эле И. Масалиев парламентте сүйлөгөн сөзүндө. И. Масалиевдин парламенттеги  сөзү бекеринен чыкпагандыгы анык. Ошо Масалиевдин ЖКдагы сөзүнө  оро-пара «ушактолог» деп ылакап атка конгон, кыргыз тилинде жарык көргөн гезиттердин авангардында турган бийликтин машкелеринин бири «Де-факто» басылмасында бет тырмоого салып депутаттарды ачыктан ачык келекелеген макалага ( №1. 12.01.2017/3-бет) жооп катары пайда болгонун көрүү кыйын эмес. Макалада И.Масалиев баштаган ЖКнын депутаттарын өз алдынча ой жүгүртө билбегендиги, интеллектуалдык жагынан артта калганы, казинодогу кумар оюнуна баш оту менен кирип кетишкени, криминалдык чөйрө менен ысык мамилелери бар экени, боюнда бар аялдарды тепкилешкени сыяктуу толгон- токой ат көтөргүс күнөөлөр коюлат. Жалакор гезиттердин өнөкөт дартынын эле бири. Эч кандай ынанымдуу далили да, фактысы да жок. Жалаӊ божомол-дөдөмөлдөргө шыкалган макала. Кадимки эле примитивдүү медиазөөкүрдүктүн өзү. ЖК тараптан «Де-фактонун» ачыктан- ачык жалаяктай жалаа жаап маскаралап жатканына жооп болдубу? Макаланы депутаттар көрбөмүшкө, билмемишке салышты. Бардыгы теӊ кулак жапырып тим болушту. Бир гана И.Масалиевдин жогоруда келтирген каяша сөзүн эске албаганда эч биринин оозунан мыдыр эткен кеп чыгып, нааразы болгону көрүнбөдү. Депуттардын бирде биринин сотко кайруулу оюна кирбесе деле керек. Мунун деле себеби белгилүү. Анын чиеленишкен чоӊ түйүнү деле жок.  Азыркы  бийликке, атап айтканда социал демократтар партиясына (СДПК) таандык бакма гезит болгондугуна байланыштуу «Де-факто» өзгөчө автономдуу иммунитетке ээ. Ошондуктан сотко арыздангандан эч майнап чыкпасын баары эле түшүнүшүп турушкан. Бир жагынан, жаткан бок жата берсин, ага тийген сайын сасыйт эмеспи деген жыйынтыкка келиштиби?

И.Масалиев— таасирдүү, жамы журтка таанымал саясатчылардын бири. Азыр дагы ЖКнын белдүү депутаты катары бийликтин бир бучкагын чоюп жүргөн саясый ишмерлердин катарында турат. Эгер, мына ошол И.Масалиев «Де-фактонун»  моюнуна минип алып ачыктан-ачык мазактап жатканына татыктуу жооп бере албай ичинен тынып тим болууга аргасыз болсо, анда катардагы карапайым журналисттердин бийликке каяша кылуу, сын айтуу мүмкүнчүлүгү канчалык экени өзүнөн-өзү белгилүү болор. Ошентип, Баш мыйзамда жазылган «Кыргыз Республикасында мыйзам менен соттун алдында бардыгы теӊ укуктуу» деген саптардын иш жүзүндө өз ордун тапканына чоӊ шек жаралбай койбойт.

Үсөн Каcыбеков

Булак: ПолитКлиника

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: