1-февралда саат 06:45ден тарта Чүйдүн Жайыл районундагы «Сосновка» жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постторунан оор жүк ташуучу унаалар өткөрүлүп баштады. Учурда эки тараптуу каттам ачык, деп билдирди ӨКМ. Чектөө Бишкек—Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 31-январда саат 19:30да киргизилген болчу.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ