Дегеним, бир суукка туруштук бере албаган ТЭЦтин жетекчилигин иштен алып, анын ордуна буга чейин бул тармакта иштеп кеткен Андрей Воропаевди дайындашты. Жаңы жетекчи дайындаганда эле ТЭЦтин иши алдыга жылып, шаардыктарды үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздап, от казандар тоңбой кала турган жыйынтык береби? Жетекчилерди кылган кылыгы үчүн иштен алып гана тим болбостон, шалаакылыгы үчүн иш козгоп, ушул убакка чейин жегенин кустуруп, үй-мүлкүн конфискациялап, итке минген абалга олтургузса, кийинки дайындалган жетекчиге сабак болмок. А бизде андай кылгандын ордуна сылап- сыйпап иштен алдык деп көкүрөк кагышат. Иштен алынган шумпай эртеси жеген акчасынын бир бөлүгүн дагы бир коррупционерге берип, кайра дагы мурункусунан да майлуу-сүттүү орунга олтуруп калат.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ