Menu

Уран Ахмедов, Адилет министри: “Кыргыз тилин үйрөнүп, макалдарды жаттап жүрөм”

Бөлүшүү:

Коомчулук, депутаттар Адилет министри Уран Ахмедовду дайыма сын пикирге алып анын тил билбегенин сындашчу. Жакында эле жыйындардын биринде орун басары дагы депутаттар берген суроого жооп бере албай туруп берди. Анын мындай кылыгына жини келген эл өкүлдөрү залдан чыгарып жиберүүгө чейин барышты. “Киргиз” каймана атына ээ болгон Уран Ахмедов кыргыз тили, министрликтин иши, уят болгон орун басары жөнүндө учкай маек курду. Ахмедов маек учурунда кыйналып-кысталып, онтоп атып кыргызча сүйлөмүш этти. Айтымында өзү кыргыз тилин тереңирээк өздөштүрүп жатыптыр, толук өздөштүргөнчө министрликтен кетип деле калат го…

–Уран Түлөндиевич, эмнеге сиздер алып келген мыйзамдарды комитетке келгенде дайыма чийки болуп калып жатат. Туура даярдап келүүгө адистер жетишпей жатабы же сиздин билимиңиз жетишпей жатабы?

–Мыйзамды Жогорку Кеңешке алып келип жатканда биз башка пикир менен келсек, депутаттар башка ойду айтып калышат. Өкмөттүн ичинде дагы пикир келишпестиктер жаралып анан мыйзам жазылат. Бул нормалдуу эле көрүнүш деп эсептейм.

–Өткөн жумада сиздин орун басарыңыз депутаттардын алдында кыргыз тилинде ооз ача албай койду. Бул үчүн жоопкерчилик тарттыбы ал?

–Ал орун басарым ошол күнү биринчи жолу Жогорку Кеңешке келген. Толкунданып кетти окшойт, жооп бере албай койду. Мен деле Жогорку Кеңешке келген сайын толкунданам.

–Чынын айтыңызчы ал кыргызча билеби?

–Толкунданып кетти да. Ошондон кийин кыргызчаны үйрөн, сүйлөп жазганды өздөштүр деп тапшырма бергем. Азыр аракет кылып жатат. Министрликте жарым жылдык планды бекиткенде кыргыз тилин үйрөнүү боюнча иштер да кирген. Мыйзамдар көбүнчө орус тилинде даярдалып, кыргызча которулат.

–Орун басарыңызга го тапшырма бериптирсиз, өзүңүз деле үйрөнүп жатасызбы?

–Сөзсүз түрдө, гезиттерди окуп, материалдарды карайм. Шаарда өскөн балдар кыргызча гезит окубайт, болбосо Айтматовдун чыгармаларын орусча окуйт. Өзүм дагы болушунча кыргыз тилин үйрөнүп, макалдарды жаттап жүрөм.

 –Шаардын балдары болгонбуз деген шылтоо эмеспи, министр башыңыз менен кыргыз тилин эми үйрөнүп жүрөгүнүңүзгө уялган жоксузбу?

–Уялсам эле кыргыз тилинен маселем чечилип калбайт.Уялбай үйрөнүп маселени чечейин деп аракет кылып жүрөм.

–Министрликтин иш кагаздары орус тилинде турбайбы демек?

–Кайсы тилде бизге кат келсе ошол тилде жооп беребиз. Бирок бизде ар буйрук, ички протоколдор кыргыз тилинде даяр болот. Ишенбеген адамдар барып караса болот. Иш кагаздар 90% орус тилинде жүргүзүлөт деген жалган кеп.

–Кайсы тилде ойлоносуз, чынын айтсаңыз. Анткени сиз жөнүндө тил билбейт чала киргиз деп көп айтышат?

–Сизге кыргызча эле сүйлөп жатам. Японияда көп жүрүп калгандыктан англис жана япон тили дагы көбүнчө керек болот. Балдарым дагы “садикке” япониядан барышкан. Андыктан мага япон тилинде кайрылып калышат.

–Асмандан түшкөн министр, талаптарга жооп бербейт деген сөзгө кандай жооп бересиз?

–Жалпысынан мамлекеттик кызматта 15 жыл иштедим. Элдин пикирин сыйлайм, өзүм да угам. “Иштей албай жатат же иштеп жатат. Болбосо ишинин жыйынтыгын бир жылдан кийин көрөбүз”-дегендер бар.

Сезим Мураталиева

Булак: Де-Факто

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: