Menu

Текебаев КСДПга кайрат айтып, КСДП Текебаевге ыраазычылыгын билдирди

Бөлүшүү:

“Ата Мекен” партиясынын лидери журналисттердин суроосуна жооп берип,  Социал-демократиялык партия жөнүндө өз пикирин билдирип, кризиске батканын белгилеп, келечекте ийгилик каалады. Ага дароо эле Фейсбук баракчасы аркылуу КСДПнын жаңы лидери Сагынбек Абдрахманов жооп берди.

Өмүрбек Текебаев, “Ата Мекен” партиясынын лидери:

– Убагында үй-бүлөлүк, криминалдык, авторитардык режим менен күрөшүп, бирдей тобокелге барып, чоң кыйынчылыктарды баштан өткөрүп жүргөнбүз. Бизди бир тууган, жолдош партия десек да болот. 2009-жылы Атамбаев президенттикке аттанып, Бакиевге каршы чыккан, ошондо көп атамекенчилер штабдарда иштеп, кийин алар социал-демократ партиясынын мүчөлөрү болуп калды. Ошентип кыргызда кыз алып, кыз бериштик дегендей, мүчөлөрүбүз ары барып, кайра бери келип, аралашып жүргөн партиябыз. Тилекке каршы, Атамбаевдин бийлигинин акыркы жылдары бу партияны партияга эч тиешеси жок адамдар тартып алышты. Рейдерлик кылды десек болот. Бул анын жанында жүргөн Икрам Илмиянов, Фарид Ниязов, өмүрүндө партияга аралашпаган Албек Ибраимов, Сапар Исаковдорго окшогондор партиянын эң жогорку органы болгон саясый кеңешке кирип, партиянын карапайым мүчөлөрүн укпай, четтетип коюшту. Мен бул коркунучтуу абалды Жогорку Кеңештин жыйынында дагы бир нече жолу айткам, “Туугандар, достор, партияңарды тартып алып койду, кеч боло электе кайтарып алгыла, мунун аягы жакшылык менен бүтпөйт” деп. Тилекке каршы, эч ким уккан жок, басып алгандарга күчтөрү да жеткен жок, бүгүн социалдык-демократиялык партия терең кризисте. Экиге бөлүнүнп, ыркы кетип турат, бирок социал-демократия идеологиясынын келечеги бар. Биздин социалисттик идеология менен бирдей эле. Учурдан пайдаланып, мен КСДПнын катардагы мүчөлөрүнө, анын ветерендарына кайрылгым келет:

Урматтуу жолдоштор, урматтуу достор, жыйырма жылдык өмүрүбүздү бир принцип, бир идеология үчүн чогуу арнадык. Өмүрүбүздү, үй-бүлөбүздү тобокелге салып күрөштүк. Бүгүн сиздердин партияда кризистик абал, кыйынчылык турат. Ушуга байланыштуу, мен силерге төмөнкүдөй айтат элем, ар бир адамдын башына кыйынчылык келет, бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт, партияда да ошондой кырдаалдар болуп турат. Сиздер сынбагыла, мүңкүрөбөгүлө, сиздердин партия кайра жанданып, Кыргызстандын тарыхында чечүүчү ролдорду ойнойт деп мен ишенем. Эмне үчүн? Анткени биз койгон максаттар, биз койгон тилектер, биз койгон ниеттер – Улуу ниеттер, алар түбөлүктүү ниеттер. Биз, биздин балдарыбыз ошолорго жетүү үчүн күрөшөт. Анткени турмуш токтобойт, турмуш уланат, ал түбөлүктүү. Биз социал-демократтар менен, партиянын карапайым мүчөлөрү менен кызматташууга ар дайым даярбыз жана сиздерге ийгилик каалайбыз.

Сагынбек Абдрахманов, КСДПнын лидери:

– Эгемендүүлүктүн алгачкы күндөрүндө түзүлгөн “Ата-Мекен” партиясынын жаралган күнү менен куттуктайм. Тайманбас “ата-мекенчилерге” ийгилик каалайм. Бүгүн мен партия лидери Өмүрбек Чиркешовичтин КСДП партиясы жөнүндө жылуу, рух-дух бере турган, чындыктын аркасында акыйкат тургандыгын белгилеп кеткенине ыраазычылык билдирем. Ооба, Атамбаевдин убагында ошондой болду. Икрам, Фариддер айланып келип партиянын негизги программасынан сыртка чыгарып, эски партиялаштары сыртта калып, сырттыктар басып алганы чындык. Муну Атамбаев өзү мойнуна албаса да, аны убакыт көзгө сайып көрсөттү. Буга Өмүрбек Чиркешович саясатчы катары туура маани бердиңиз. Сиз белгилегендей, эки партиянын идеологиясы, койгон маселелери бир болгон социалистик партиялардан. Дагы бир жолу кыраакы саясатчы экениңизди көрсөттүңүз. Биз эми урууларды, жемкорлорду жолотпой, социал-демократтардын принциптерин жана идеяларын жаңы жолдор менен ишке ашырабыз! Кыйынчылык башыбызда турганын мойнубузга алышыбыз керек. Ал кыйынчылыкты башыбызда турган башчы Атамбаев өзү түзүп кеткен. Аны түзөп-оңдоп кетүү “Тазалануу жана жаңылануу” урааны менен өткөн СДПКнын XVIII съезддинде кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу карапайым таза, принципиалдуу социал-демократтардын милдети. Биздин идеябыз, программабыз бир болуп келгени анык. Биз андай жолдон жазбайбыз.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: