“Азыр чет өлкөлөрдө айрым мекендештерибиз кыйынчылыкка кабылышты. Аларды түшүнсө болот. Жат жерлерде киргизилген чектөөлөрдөн улам Новосибирскиден башка жерлерде да мекендештерибиз кыйналып жатышат. Алардын баары жогорку бийликке кайрылып жатышат. Ошого жараша бул маселе жогорку деңгээлде чечилип жатат. Азыр чет өлкөлөргө автобустар жөнөтүлүп жатат, алар апрель-май айларында Кыргызстанга биздин 2000ге жакын мекендештерибизди алып келишет”, – деп билдирди бүгүн, 16-апрелде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн-брифингде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ