Menu

Эдичка эдиреңдеп баштады, максаты эмне?

Бөлүшүү:

Чет элдик уюмдардын, Кыргызстандын душмандарынын гана арыгын чаап, өлкө үчүн кылдай пайдасы тийбеген Эдил Байсалов деген “ээн ооз” бар. Өткөн президенттик шайлоодо кыргызды казакка чөгөлөткүсү келип, өзбек тектүү сеператисттердин сөзүн сүйлөгөн Өмүрбек Бабановду катуу колдоду. Ал Бабановду колдоп гана тим болбой, учурдагы президент, ошол кездеги талапкер Сооронбай Жээнбековду шыбап турду. Бирок, Эдичка колдогон “шылуун” элдин колдоосуна ээ боло албай, учурда айласын таппай чет өлкөдө качып жүрөт. Байсалов болсо заматта позициясын 180 градуска өзгөртүп, мамлекет башчысын  колдомуш эте баштады.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары аркылуу президентти мактап, ага жагалданган болсо, Бишкек ТЭЦиндеги кырдаал боюнча маек бергенде Жээнбеков-Атамбаев ортосуна от жаккысы келип жатканын ачык байкатыптыр. Байсаловдун максаты эмнеде болушу мүмкүн? Ал чындап эле Жээнбековду сүрөөнгө алып, аны колдоп жатабы? Биз ушул суроонун тегерегинде кыскача ой жүгүртүп көрөлү.

Биринчиден, Байсаловдун тутунган багыты президенттин максаттарына таптакыр каршы келет жана ал Кыргызстандын өнүгүп кетишин деги эле каалабайт. Экинчиден, Эдичка Батыштын, тагыраагы, АКШнын гана “арам саясатын” колдоп, Кыргызстанды стратегиялык өнөктөш өлкөлөрдөн бөлүүнү каалайт. Анан дагы керт башынын кызыкчылыгы үчүн сепаратисттерди да колдоого даяр. Ал муну 2010-жылдагы июнь окуясынын күнөөкөрлөрүнүн бири Кадыржан Батыровго дипломатиялык паспорт алып берүү аракетинде тастыктаган. Андыктан С.Жээнбековду колдоп жатканында бир мандем бар.

Байсалов өмүрү кетмен чаап, тер төгүп оокат кылган эмес. Бизнеси да жок. Убактылуу өкмөттүн учурунда аз гана мамлекеттик кызматты аркалабаса, башына “жүн” чыккандан эле ар кайсы митингдерде “оозун көптүрүп” сүйлөп жүрөт. Бирок, колоктоп бош жүрүп эле эбегейсиз байлык топтоп алганы кызык. Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин байлыгына кызыгып, анын аңтарып киргенде маалымат каражаттары Байсаловго тиешелүү мүлктөрдү жарыялап жиберген. Ошондо гана тигинин оозу жабылган эле.

Биз бул жолу да Э.Байсаловдун байлыктарын санап көрөлү. Маселен, Чүй олбусуна караштуу Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынын Коңур Осмон көчөсү № 68 дарегиндеги хансарай Э. Байсаловдун өзүнө катталган. Ошондой эле Бостери айылындагы «Кыргызское взморье» санаториясынын территориясында, Көл жээгинен 50 метр алыстыкта «коттедж шаарчасы» бар. Мына ошол жерден Э. Байсалов 2016-жылы жайында 2-бөлмөлүү батир сатып алган. Эдилчик “тапкан” байлыктарынын көпчүлүгүн жакындарына да каттатып койгон. Алсак, бир тууганы А. Байсаловго төмөндөгү кыймылсыз мүлктөр катталган:

— Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынын Коңур Осмон көчөсү №70 дарегинде турак үй, 2013-жылы сатылып алынган.

— Ысык-Көл районунун, Тамчы айылынын Проектируемая 4 көчөсү №11 дарегиндеги жер тилкеси, 2012-жылы сатып алган.

— Ошол эле Проектируемая 4 көчөсү №13 дарегиндеги жер тилкеси, 2012-жылы сатып алган.

— Ошол эле 2012-жылы, ошол эле Проектируемая 4 көчөсүнөн №15 жана №17 даректериндеги жер тилкелерине ээлик кылып калган.

— Бишкек шаары, Щербаков көчөсү, участок №71 дарегиндеги турак үй, 2011-жылы сатылып алынган.

— Бишкек шаары, Токтогул көчөсү үй №93, кв №68, 2011-жылы сатып алынган.

— Чүй облусу, Аламүдүн району, Орто-Сай айылы, контур №34, үй №30, 2014-жылы сатылып алынган, 2016-жылы кайра сатылган.

Ал эми Э. Байсаловдун апасы Р. Чойбашевага Нарын шаарынын Раззаков көчөсү №1 үйүндөгү №9 батири 2002-жылы катталган. «Тойота 4 раннер» үлгүсүндөгү ак түстөгү автоунаа маркум бир тууганы Б. Байсаловдун уулу Э. Байсаловго катталган.

Кыскасы, Байсалов ар кайсы жакта кыйкырып жүрүп эле эбегейсиз байлык топтоп койгон. Тиешелүү кызматтар анын кирешелерин да текшерип көрсө болот. Буга мыйзам да жол берет. Ал эми  акыркы кездери экс-президент менен учурдагы президенттин ортосуна от жагуу аракети да терең иликтөөгө алынууга тийиш. Анын үстүнө Байсаловдун мындай кадамдары төңкөрүш аракети менен соттолгондордун ачкачылык акциясына туташ башталды. Кызыктын баары ушул жакта болуп жүрбөсүн…

Булак: Багыт 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 32 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: