6-февралга оогон түнү Грузиянын мурдагы президенти жана «Жаңы күчтөр кыймылынын» лидери Михаил Саакашвилинин түнкү үй камагы менен Киевден чыкпоо боюнча баш коргоо чарасынын мөөнөтү аяктады.
Буга чейин айыптоо тарап Саакашвилинин ишкер Сергей Курченкодон акча алгандыгы боюнча ишке байланыштуу ага күнү-түнү үй камагына алуу баш коргоо чарасын белгилөөнү жана электрондук билерик тагууну өтүнгөн.
Адвокат Руслан Чорнолуцкий саясатчынын баш коргоо чарасынын мөөнөтү аяктагандан кийин ага карата эч кандай чектөө жок экенин, болгону чакыруу боюнча шектүү катары тергөө иш-чараларына катышууга милдеттүү болорун билдирди.
Анын айтымында, бийликтин Саакашвилинин баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартпоо чечими — аны Украинадан мажбурлап чыгарууга же Грузияга экстрадициялоого болгон даярдык болушу мүмкүн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ