Чүй облусунун экс-губернатору Бактыбек Кудайбергенов учурда телегейи тегиз, төгөрөгү төп келип, ден соолугун чыңдоо үчүн эс алып жүргөн чагы. Кычыраган кыштын чилдесине карабай Ысык-Көлгө барып, тунжураган тынчтыкта, толкуну шарпылдаган көлдүн жээгинде мээ сергиткени турат. Бактыбек өзү көсөм жигит окшойт, бийликтен дагы эч кимге нааразы болбой, далысын салбай, салабаттуу кетиптир. Чындыгында колун кирдетпей, эл үчүн таза иштеп берди. Мындай кишилер кыргыз үчүн керек. Сапаттуу кишилердин эмгегин пайдаланса эмне үчүн болбосун. Баса, жеке жашоосуна дагы жаңылык кирип, чоң ата болуптур. Куттуктайбыз!
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ