Сузак районуна караштуу Орток айылындагы Алыбаев атындагы №61-орто мектеп жер көчкү коркунучуна байланыштуу толук бойдон жабылды. Андагы окуучулар коңшу айылдагы эки мектепке көчүрүлдү. Бул жөнүндө өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сузак райондук бөлүмүнүн башчысы Алманбет Карыбеков ачыктады. Аталган Орток айылындагы мектепте 112 окуучу билим алышчу. Мындан тышкары кыштактагы маданият үйү, ФАП, китепкана дагы өз ишин токтотту. Бирок, айылдын он чакты тургуну жазга чейин мектепти ачып берүү талабы менен райондук бийликке кайрылышты. Аларды район акими кабыл алып, маселе тийиштүү адистер менен сүйлөшүү жолу аркылуу гана чечилээрин кошумчалады. Баса, үстүбүздөгү жылдын 24-январында Орток айылынын Көл-Камыш аймагында көлөмү болжол менен 120 000 метр куб жер көчкү жыла баштаганы байкалган. Сузак районунун аймагында ушул тапта кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөрдүн саны дээрлик 900дөн ашты.
Булак: “Майдан. kg” гезити
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ