Menu

Дастан Сарыгуловду УКМК үй-камагына чыгарды

Бөлүшүү:

Белгилүү болгондой оппозиция өкүлдөрүнүн жашыруун сүйлөшүүсү делген аудио-видео тасмада экс-мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловдун дагы тизмеси бар экендиги белгилүү.

Кечээ, 28-мартта Дастан Сарыгуловду УКМК тергөөгө алып, түнкү саат 24:00 до бошотулган. УКМК Сарыгуловго көптөгөн нерселерге тыюу салып,  эскертип, тизгинин тартып, үй-камагына чыгарган.

Эске сала кетсек, оппозициянын бийликти басып алуу планына катышкан деген шек менен кармалган энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков, экс-депутат Кубанычбек Кадыров, экс-губернатор Бектур Асанов эки айга УКМКнын тергөө абагында камакта.

Такталбаган маалыматтарга караганда, 30 га жакын оппозиционерлерге кылмыш иши козголот. Тилекке каршы учурдагы бийликтин мындай кадамдары коомчулуктун арасында терс пикир жаратууда.

Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: