Ала-Бука районунда өзбек чек арачыларынын огунан жараланган Асан Үсөнбаев окуя боюнча жаңы жагдайларды ачыкка чыгарды. Ал Өзбекстандын аймагына кирип кеткенин четке кагып, аны 27-январда коңшу өлкөнүн аскерлери Кыргызстанга кирип келип атып салышканын айтууда. Чек ара кызматы бул иш иликтенип жатканын билдирсе, Кыргызстандын акыйкатчысы факт боюнча кылмыш ишин козгоону прокуратурадан талап кылды. Бул маселе дыкат иликтенип, өзбекстандык аскер кылмыш жообуна тартылыш керек! Чек ара маселелери дагы иликтениши зарыл! Чыны менен жан кейиткен, ойго салган окуялардын бири болду.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ