Menu

ИИМ: Алдыңкы технологияларды колдонуу менен коомдун коопсуздугу камсыз кылынат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Китай Элдик  Республикасынын “CEIEK” компаниясы менен болгон кызматташтык ачык жүргүзүлөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасы менен Кытай Элдик Республикасы ортосундагы, илимий-техникалык жана башка чөйрөдө кызматташуу багытында маанилүү иш-чаралар жүзөгө ашырылып, анын ичинде коомдук коопсуздукту камсыздоо багытында кызматташуу жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын ИИМи “CEIEK” компаниясы менен коомдук коопсуздукту жана жол коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматташат. Бул буюрмага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдын 4-мартында кол койгон.

Аталган макулдашунун алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМи менен “CEIEK”  компаниясы коомдук коопсуздукту камсыздоого багытталган күнү түнү иштөөчү видеокөзөмөл камераларын иштетүү боюнча кызматташат. Бул келишимде тараптар коомдук коопсуздукту жана жол коопсуздугун камсыздоо жаатында интеллектуалдык жана техникалык системаларды колдонуу тууралуу макулдашышты. Видеокөзөмөл системасынан сырткары адамдардын жүзүн таануу системасы киргизилет. Бул жаңы система ишке киришсе алдыңкы технологияларды колдонуу жолу менен коомдук коопсуздугу камсыз кылынат. Кытай компаниясы жабдууларды жеткирүү, орнотуу жана башкаруу борборуна жайгаштырууга жана консультациялык кызмат көрсөтүүгө жооптуу болуп саналат. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен  каржыланбастан эл аралык кызматташунун негизинде ишке ашырылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: