Menu

Манас Осмон, журналист: “Азаттыктын” айланасындагы бүгүнкү чууну көрүндө сезип жатса, Азамат Алтайдын да сай сөөгү сыздап аткандыр”

Бөлүшүү:

АША кылтакка илинээри менен кимдир бирөөлөр “Азаттык” үналгысын аренага сүдүрөп чыгышты. Билгенибиз деле, билбегенибиз деле тепкилеп жатып калдык. Айрыкча, түштүк менен түндүктүн трайбаллисттери кызыл тилдерин кайрап атышат. Албетте, Венера Жуматаевага артылган айрым дооматтар негизинен туура. Аны көрүндө сезип жатса, Азамат Алтайдын сай сөөгү сыздап аткандыр. Ал эмес кан тамырларына чейин американы арзуулаган Өмүрбек Абдрахман, журналист Бермет Букашева, саясий серепчи Марс Сариев жана башкалар “Азаттыктын” кейиштүү абалына каңырыктары түтөп, айтып атышпайбы…

Мындан ары эми “Азаттыкка”, айрыкча анын жетекчилери Венера Жуматаева менен Айзада Касымалиеванын калыстыгына эл мурункудай ишенбей калды. “Азаттык деле сатылат турбайбы” деген шек эми аларга көпкө чейин жабышып жүрөрүн бөркүңүздөй эле көрүңүз. Мен да алгач Алмазбек Акматалиев агайдай болуп өзүбүздүн кыргыз жараны Венера Жуматаеванын үстүнөн Америкага арызданбай эле койсок болмок деп ойлоп жүрсөм, Венера кыз кыргыз жарандыгын чанып, америка жарандыгына өтүп кеткен турбайбы. Анын үстүнө “Азаттык” радиосу да 100% Америкага таандык, анан Америкага айтпаганда арманыбызды кимге айтмак элек. “Азаттыктын” кайра  оң жолго түшүшүнө бир гана АКШ таасир эте алат. Ошолор айтса гана “Азаттык” мурункудай калыс позициясына кайтып, бийлигине да  оппозициясына тең карап, непотизм саясатынан арылат. Башка айла жок.

Манас Осмон, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: