Бейшемби күнү өткөн (28-февраль) Жогорку Кеңештин пленардык жыйынындагы «Ар кыл маселелер» саатында депутат Руслан Казакбаев Нарын облусундагы Ак-Талаа, Кочкор райондорунун бир катар мектептери авариялык абалда экенин тизмектеп берди. Депутаттын билдирүүсүндө Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылындагы мектептин, Кочкор районундагы Ак-Кыя, Сары-Булак айылдарындагы мектептердин окуучулары учурда авариялык абалдагы имараттарда, кооптуу жагдайда окуп жатышканын, ошондой эле Сары-Булак айлындагы бала бакча да ошондой абалда экенин кабарлады. Ошону менен
бирге эле «Жаз чыгаары менен чатырга билим берүү улантылса, кыш киргенде айылдын клубунда окуу жүргүзүлүүдө. 21-кылымдагы Кыргызстандын билим берүүсүнүн акыбал ушундай» деген ойду айтып, айтылган бул маалыматын кайрылуу ириетинде түздөн-түз өлкөнүн өкмөт башчысы М. Абылгазиевдин дарегине багыттады.
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ