“Өзбекстан 20 жыл бою Тажикстан менен чек араны жабык сактап келген, былтыр гана чек ара ачылды. Силер чек араны жаба албай отурасыңар” – деп билдирди бүгүн, 12-майда депутат Мурадыл Мадеминов Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны өкмөттүн мүчөлөрүнө кайрылып.
“Силер алардын бакубатчылыгы үчүн күйүүчү-майлоочу материалды пошлинасыз товарды сатып жатасыңар. Бир эле убакта жолдорубузду талкалап жатасыңар, алардын экономикасынын өсүшүнө шарт түзүп берип жатасыңар. А алар болсо, бизди пайдаланып, өзүбүзгө ушундай мамиле жасап жатышат. Биз чек араны жаба албайбыз деп жатасыңар. Казакстан чек арасын каалаган убагында жаап коюп жатат. Биз баарыбыз ЕАЭБ мүчөлөрүбүз, Тажикстан ЕАЭБдин мүчөсү эмес. Өкмөт качан иштейсиңер? Көз карандысыз өлкө катары качан саясат жүргүзө аласыңар? Премьер-министр 3 жылдын ичинде чогулткан мүмкүнчүлүктөрүн түгөттү, менин ага премьер-министр катары ишенимим жок, ал алсыз. Сиз дагы, Бактыгүл Жээнбаева, Каржы министри катары алсыз кадрсыз. Капа болбоңуз. Адам катары силерге эч кандай дооматым жок. Булар мамлекеттин кызыкчылыгы, эгерде ишти аткара албаса, арыз жазып жумуштан кетиши керек. Анткени, бүгүнкү кырдаал ошону талап кылып жатат” – деп билдирди депутат Мурадыл Мадеминов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ