Menu

Депутат Кумтөрдөгү кырсыкка байланыштуу комиссия түзүүнү сунуштады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 20-февраль күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Максат Сабиров Кумтөр кениндеги кырсыктарга байланыштуу депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

“Өткөн жумада Кумтөр компаниясында дагы бир авария болду. Мен өткөндө “депуттаттык комиссия түзөлү” деп айттым эле… Кечээ дагы авария болду. Ал жерде кандай болгонун эч кимибиз иликтеген жокпуз. Эгерде өкмөттөн комиссия түзүлсө, аларды уксак” – деп билдирди депутат.

“Протоколдук тапшырма берип, бизден дагы комиссия түзүп, ошол жердеги техникалык жана экологиялк коопсуздукту текшериш керек. Анткени үчүнчү адам каза болуп жатат. Бул нерсени көз жаздымдан өткөрүп жиберүү болбойт ” – деп кошумчалады депутат.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2019-жылдын 1-декабрында Кумтөрдөн тоо кен бөлүмүнүн мастери О. Ишенбеков жана бульдозердин машинисти Ж. Жунушев дайынсыз жоголгон.

Экөө кырк күн бою катуу изделип, бирок көчкүнүн алдында калган жумушчулар табылган эмес. Акыры атайын жыйын өтүп, жоголгондорду издөөнү токтотуп, жаназа окуу чечими кабыл алынган.

15-февралда дагы кырсык болуп, кызматкер экскаватор менен иштеп жатканда мөңгүдөн жылып кетип, Петров көлүнө кулаган. Кырсыкка 54 жаштагы Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылынын жашоочусу кабылган. Айдоочунун сөөгүн эртеси жээкке алып чыгышкан.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: