Menu

Аракка уулангандардын саны арбыды

Бөлүшүү:

Бизге түшкөн маалыматка ылайык жасалма арактын чордону борбор шаарыбыздын Ош базары экен. Тагыраак айтканда, Ош базардын тегерегинде дагы сатылууда. Ал жактан Кыргызстандын бардык аймактарына тарайт. Жасалма арак менен шугулданган бизнести ичинен билүү аракетинде биз ошол иш менен он жылдан бери аралашып жүргөн адам менен маек курдук. Албетте, ар бир адам өзүнүн бизнесинин сырын ачкысы келбейт, кыйылып жатып, акыры биздин берген суроолорубузга жооп берди. Бирок өзүнүн аты-жөнүн айтпоону суранды.

“Той берчүлөр да атайын жасалма арак алышат”

 — Учурда жасалма арактарды кандай ыкмалар менен жасап, сатыкка алып чыгасыңар?

— Жасаган ыкмаларыбыз оңой эле. Биринчиден, популярдуу болгон арактардын бөтөлкөлөрүн сатып алабыз. Эң башкысы андай бөтөлкөлөр таза жана сыртындагы этикеткасы булганбаган болушу керек. Ошондой бөтөлкөлөрдү биз атайын тандап сатып алабыз. Андан кийин таза спирт сатып алабыз.

— А спиртти каяктан аласыңар?арак

— Ар кандай, кээде Казакстандан сатып алабыз, кээде Бишкектин тегерегиндеги спирт заводдордон уурдалып

чыккан спирттерден бир тоннага чейин алабыз. Ошол жакта иштеген балдар өздөрү сатышат, бирок биз алардын ким экенин айтпайбыз, чындыгында аттарын деле билбейбиз. Спирттин литрин 90 сомдон 120 сомго чейин алабыз. Биз жасаган аракка жалаң гана этил спиртин колдонобуз. Техникалык спиртти колдоно албайбыз, анткени техникалык метил спиртинин өзүнүн жыты болот. Андай спиртти тазалаганга бизде мүмкүнчүлүк жок. Андан кийин Ош базарда атайын «доставщиктер» бар, алардан биз бөтөлкөлөрдүн капкактарын сатып алабыз. Баасы 5 сомдон он беш сомго чейин болот. Ал капкактар оригинал капкактардай эле, болгону түсү бир аз карараак. Андан соң бөтөлкөлөрдү жууйбуз да атайын даярдалган аппарат менен бөтөлкөлөргө кайнатылган суу аралаштырып куябыз. Куйгандан кийин жасалма акциздик маркаларды атайын сатып иштеген кишилерден сатып алабыз. Ал акциздик маркалар Кытайдан алынып келинет экен. Баасы 1 сомго чейин. Эгерде жогорку сапаттагы жасалма акциздик марка ала турган болсок анын баасы кымбатыраак болгондуктан биздин эмгегибиз акталбай калат. Жалпысынан орточо эсеп менен күнүнө 300дөн 500гө жакын жасалма арак жасап чыгарабыз.

— Учурда баардык арактар атайын дозатырлар менен жасалып чыгат го, аны кантип жасайсыңар?

— Аны оңой эле жасайбыз, бычак менен түртүп туруп куя беребиз. Куюп бүткөндөн кийин капкагын кысып туруп бурап салабыз жана аягында акциздик марканы чаптап коебуз. Көбүнчө адамдар жасалма арактын айырмасын деле байкабай калышат. Жасалма арак менен заводдон чыккан арактын айырмачылыгы капкактын түсү жана кыйшык чапталган акциздик маркасынан байкалат. Андан сырткары капкак менен бөтөлкөнүн ортосундагы бөлүп турчу кызыл сызыктын жоктугу. Жасалма арак менен таза арактын ушундай айырмалары бар.

— Силерден алган кардарлар жасалма арак алып жаткандыгын билишеби?brodude.ru_9.09.2014_Jp5mBbAJnnfBh

— Ооба билишет, биздин өзүбүздүн туруктуу кардарларыбыз бар. Алар бизден баланча бөтөлкө керек деп заказ кылып коюшат. Биз болсо ошончо упаковканы даярдап турабыз. Алар сатып жатканда жасалма арактын арасына заводдон чыккан бир-эки бөтөлкөнү коюп коет дагы сата беришет. Кээ бир дүкөндүн ээлери жана кафе- ресторандардын бармендери бизге келип, «биздин арактан берип койчу» деп алып кетишет. Анткени биздин арактар заводдукуна караганда алда канча арзан турат .

— Демек шаардын көпчүлүк жеринде жасалма арактар сатылат турбайбы?

— Ооба, анткени көбүнчө адамдар Ош базарынан соода кылышат. Жасалма арактар көбүнчө шаардын четиндеги жаңы конуштардын дүкөндөрүндө сатылат. Кээде той өткөзчү адамдар дагы алып кетишет, башында таза арактарды меймандарга беришет, андан кийин коноктор кызып калганда жалаң жасалма арактарды куюшат. Дагы бир мисал, менин бир- эки атаандаштарым бар, алар жалаң региондор менен иштешет. Алар жалаң упаковка менен Баткен жана Ошко фура менен сатышат.

Бул жигит менен сүйлөшкөн соң, К ы р г ы з с т а н д ы н  Алкоголдук продукция өндүрүүчүлөр, экспорттоочулар жана импорттоочулар Ассоциациясынын президенти менен байланыштык. Анткени жасалма арак менен иштеген адамдардын ишмердүүлүгү так ушул арак чыгарган компанияларына атаандаштык жаратып залакасын тийгизет эмеспи. Жасалма арак саткандар элдин да ден соолугуна үлкөн зыян алып келип жатканы айтпаса да түшүнүктүү.

Акыл КУНАКУНОВ, Алкоголдук продукция өндүрүүчүлөр, экспорттоочулар жана импорттоочулар Ассоциациясынын президенти:

 “Сапатсыз арак саткандар салык кызматы менен да жашыруун иштешет…”Снимок543

— Учурда жасалма арак менен күрөш кандай жүрүүдө жана алкоголдук ичимдиктердин рыногундагы абал кандай?

— Биз бул боюнча Финполициясы менен келишим түздүк. Ал келишим боюнча биз бири-бирибизге маалымат жактан жана ар кайсы тараптан көмөк көрсөтөбүз. Андан сырткары бир жолу алар менен чогуу рейдке да чыкканбыз. Ош базарына барып жасалма арак саткан түйүндөрдү текшердик. Барсак, биздин текшерип келээрибизди билгендей жабылып калышыптыр. Мүмкүн Салык кызматынын кызматкерлери алар менен чогуу иштешет деген дагы болжомолдор бар. Анткени так биз барарда алар жаап кетип калышыптыр. Негизинен жарандарыбыз акыркы мезгилде алкоголь ичимдиктерин аз ичип калышты. Буга далил катары айтсак негизи эле спирт ичимдиктери аз өтүп жатат. Бирок ошентсе дагы биздин мыйзамдар кайрадан иштелип чыгышы керек. Анткени жасалма арактар Кыргызстандын стандарттарына жооп бербейт. Эгерде мындай көрүнүш улана берсе өкүнүчтүү жыйынтыкка алып келиши мүмкүн. Орусия мамлекетин мисалга келтиргим келип жатат. Ал жакта атайын жасалма алкоголдук ичимдиктер менен күрөшкөн өзүнчө орган бар. Ал орган бүткүл Орусия боюнча контрафактык алкоголь ичимдиктерди издеп жок кылат. А бизде болсо 500 бөтөлкө жасалма ичимдик жасасаң административдик гана айыпка тартылат. Ошондуктан тиешелүү мыйзамдар иштелип чыкса жакшы болмок. Анткени жылына мамлекетибиз миллиондогон акчаны жоготуп жатат. Жасалма арактарга эч кандай мамлекет тарабынан көзөмөл жок жана андай ичимдиктер биздин жарандарыбыздын ден соолугуна бир топ зыян келтирип жатат. Мындай жасалма бизнес менен шугулдангандар мамлекетке бир тыйын салык төлөшпөйт .

Жылына 500 адам аракка ууланып ооруканада дарыланат

Акыркы мезгилде Кыргызстанда арак ичкен адамдардын саны азайып бараткан факты кубандырбай койбойт. Ошентсе да жогоруда айтып өткөндөй кандай гана ичара болбосун ичимдиксиз өтпөй калбадыбы. Спирт ичимдиктеринин адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизээри айтпаса да түшүнүктүү. Атайын адистердин тыянагына таянсак ичимдик бөйрөккө, кан тамырларга, жүрөккө, боорго жана башка ички органдарга чоң зыян келтирет. Ал эми таза эмес, кандай шартта жасалганы белгисиз, жасалма арактарды ичкен адамдын ден соолугуна эки-үч эсе терс таасирин тийгизээрин көпчүлүк билеби? Ичимдик ич- кен адам эртеси башы ооруп, жүрөгү айланып, көңүлү айнып, өзүн жаман сезип калат. Ал эми жасалма ичимдик ичкен адам- дын эртеси күнкү абалын элестете бериңиз..   Кыргызстандагы дарыгерлердин айтымында, жылына 500гө жакын адам ичимдиктен ууланып ооруканага кайрылат экен. Бул көрүнүш жылдан жылга өсүп жатканы өкүнүчтүү. Тилекке каршы адистер алардын жасалма ичимдик ичип ууланганы же таза арак ичкенин аныктай албастыгын билдиришти. Атүгүл ичимдикти көп ичип, организм спиртке ууланып, көз жумган фактылар да бар.  Андыктан урматтуу окурман, ичимдиктин бир тамчы да пайдасы жок экенин эсиңиздерден чыгарбасаңыздар.

 

Адилет ТЕМИРЛАНОВ

Булак: “Жаңы Агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: