Бишкек шаарындагы «Обама» кафесинен депутат Каныбек Иманалиев менен генерал Талант Исаевдин сүйлөшүүсүн тыңшаган жучок табылган.
Депутат Каныбек Иманалиев «Обама» кафесинде тамактанып бүтүп чыгып бара жатканда Талант Исаев стол астынан жучок таап чыкканын айтты. Жолугушууда Иманалиев менен Исаевден тышкары парапсихолог Мелис Карыбеков болгон.
«Кафеден чыгып баратканда Талант Исаев жучок таап чыкты. Мен Салянованын сотуна шашып бара жаткандыктан кетип калгам. Талант Исаев кафедеги видеокөзөмөл аркылуу ким жучок койгонун табуу үчүн калган. Жучокту кафе кызматкери коюптур, баланы милиция алып кетти деп айтышты»,-деди депутат.
Депутат саясатчылардын сөзүн тыңшоо УКМКнын гана колунан келгендигин айтты.
ИИМге бйланышып окуя тууралуу сураганыбызда азырынча маалымат бере алышпастыгын билдирди.
«Обама» кафеси Бишкектеги саясатчылар көп барган кафелердин бири.
Булак: Govori.tv
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ