Menu

Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат! же “крышасы” күчтүүгө мыйзам да жокпу?

Бөлүшүү:

Бөрү терисин жамынган аферисттерден кордук көргөн карапайым адамдардын тагдыр жолдору жөнүндө биздин гезитте бир топ макалалар жарык көргөн. Адал эмгеги менен турмушун оңдоп келаткан канчалаган жарандар “крышасы” күчтүүлөрдүн тузагына түшүп, үй-жайы, ден-соолугунан ажырап калган окуяларды көп кездештиребиз. Мына ошондой окуялардын бири – А.Асылбек уулунун башынан өткөзүп келе жаткан балакеттүү көрүнүш. Мурда да бул маселеге кайрылганбыз. Жакында дагы жаңы көрүнүштөр пайда болгондуктан, кайрылып олтурабыз.

Эске салсак, 2013-жылы эптеп ишкерликтин көзүн таап, оокатын өткөзүп келаткан А.Асылбек уулу ата-энесинин ооруп калгандыгына байланыштуу, “Мастер групп” курулуш компаниясынщда иштеп жаткан И.Жунуевден үч айда кайтарып берүү шарты менен 7 миң доллар карызга акча алган. Күрөө катары “Лексус 700” автоунаасын берген. Убадаланган убакыт ичинде карыздар тарап И.Жунуевге 5600 доллар акча каражатын сүткорлор да батынбаган үстөк пайызы менен кайтарып берет. Демек, 2 миң доллар гана карызы калган. Ошол эле убакта А.Асылбек уулуна турмуш жагдайынан улам дагы чоң өлчөмдөгү акча каражаты керектелип калат. Бирок бул сапар И.Жунуев кайдан-жайдан билип алганы белгисиз, күрөө катары карыздарга караштуу “Тропикана” кафесинин документтерин сурайт. Мурда-кийин Остап Бендерди укса да, ага окшогон макулуктар бар экенине кабары жок А.Асылбек уулу эч нерседен деле шектенбей, кафенин техпаспортун, генералдык ишеним катынын оригиналдарын кармата коёт да, 2013-жылдын 24-мартында эбегейсиз чоң үстөк пайызы менен 10 миң доллар алат. Ушул эле жылдын 21-июлунда дагы 2700 доллар алат. Ал кезде булардын ортосунда өтө жылуу мамиле пайда болот, жада калса ортодон акча чыгарып ломбард ачууну да ойлонушат. Чындыгында, И.Жунуев А.Асылбек уулуна караштуу мүлктөр көп экендигин дайыма ойлоп, тымызын тузак салып жаткан болчу. Ошого карабастан, ар дайым таза жүргөн А.Асылбек уулу 2013-жылдын октябрында алган карызынын 20 миң долларын кайтарып берет. Ошондо үстөк пайыз катары болгону 4 миң доллардын тегерегинде бересеси калат. Карыз алуучунун бир аз кечиккени эле болбосо, ишенимдүү өнөктөш экенин көрүп турса да, ошондо эмнегедир И.Жунуев кафени күрөө катары кайрадан беришин талап кылат. Бул сапар да оюнда кири жок А.Асылбек уулу макул болот. Көп өтпөй, калган карыз акчаны тапкан А.Асылбек уулу өнөктөшүнө жолугушууну көздөйт. Бирок, тиги качып туруп алат. Жолугушкусу келбейт, ар кандай шылтоону айтат. Буга өз учурунда күбө болгон да адамдар бар, алар: “негизи азыркы заманда ким “акчамды алып кой”,- дегенден качсын?!”- деп жакасын кармап, тобо келтирип жүрүшөт. Ушундан улам А. шекшине баштаган.

Көрсө, Жунуевдин максаты – ишкерге таандык кафеге ээлик кылуу экен. Аталган кафенин рыноктук баасы 400 миң доллар! Демек, 4 миңди алып эмне кылат? Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде Бишкек мэриясына караштуу муниципалдык мүлк башкармалыгынан А.Асылбек уулуна телефон чалышып, алардын макулдугусуз кафени эмнеге сатып бергенине кызыгышат. Себеби, кафе муниципалдык участокто турат, ага байланыштуу бардык операциялар УМСтин уруксаты менен гана жүргүзүлүшү кажет. Көрсө, арам байлык И.Жунуевдин көзүн күйгүзүп, кафени өз алдынча сатып жиберген экен. Мына сага бендерчилер! Башында кафени Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-башкармалыгыны жетекчисинин орун басары, өз жездеси Улан Досалиевге каттатат. “Шектүү шектенет”,- демекчи, бул кадамдары осол болуп калганын байкаган соң, бир аз убакыт өтүп, И.Жунуевдин атасынын классташы жана досу – Дүйшөнбек Жангазиевге каттатууга аргасыз болушкан.

Жунуевдин “крышасы” күчтүү үчүн да анын мыйзамсыз кадамдарын эч ким тыя алган эмес. Ошондуктан, акыры ага күчү жетпеген байкуш ишкер сотко кайрылууга мажбур болот. Буга чейин да аты-жөнү бир нече күмөндүү сот чечимдерине аралашып калган судья Г.Оморова мыйзамды, далилдерди эч бир эске албастан, Жунуев акыркы ирет кафени каттаткан Дүйшөнбек Жангазиевди “ак ниеттүү сатып алуучу” катары тааныган. Бишкек шаардык сотунун К.Абдрахманова, Б.Толубаева, Л.Фахритдиновадан турган сот коллегиясы 15 мүнөттун ичинде эле өз токтомун токуп, райсоттун чечимин күчүндө калтырган. Сотто И.Жунуев каратып туруп А.Асылбек уулу бирде 40 миң, кийин 70, андан соң 90 миң доллар алганын айткан. Өз сөзүнө өзү каршы чыгып, улам адашып башка сумманы айтып алган И.Жунуевге соттордун ишенгенин карасаң. Же алар да майталкандан бөлүшүп жегенби? Ал айтса эле ишене бергидей И.Жунуев ким өзү, ия? Эгерде айтканы чын болсо, сотко А.Асылбек уулунун мынча чоң акчаны алганы тууралуу “распискаларын” көрсөтпөйт беле? А андай документтердин бири да анда жок. Кайсы келесоо адам эгер чын болсо ушунча чоң каражатты кат жаздырбай кармата салат? Логикага туура келбей жатат го?! Бирөөнүн маңдай тер менен тапкан каражатына салынган кафени тартып алган менен ал тамагына кылкан болбой кантип турат?

Акыры соттордон пайда жоктугуна кейиген А.Асылбек уулу Башкы прокуратурага кайрылууга аргасыз болот. Бирок, бул жерде да кылмыш ишинин аягына жетпеши үчүн Жунуевдин “крышалары” жакшы эле жолтоо болушту. Ар кандай амалдарды колдонушкан. 2016-жылы Жунуев суракка келбеш үчүн Республикалык психикалык ден-соолук борборунда кырк күн “дарыланган”. Апасы бул жерде көп жылдан бери иштесе, андай справканы жасаганга кудурети кантип жетпесин? Ошентип олтуруп, 2017-жылдын декабрында гана И.Жунуевге бир топ адамдардын катышуусунда алдамчылык боюнча айып тагылып, камакка алынган. Бирок, дагы эле биздин “таза жана гумандуу соттор”, Свердлов райсотунун судьясы С.Касымбековдун колу менен И.Жунуевдин баш коргоо чарасы “үй камагы” менен алмаштырылган. Ага себеп катары судья “И.Жунуев А.Асылбек уулуна келтирген чыгымдарын ордуна келтирүү аракети көрүп жатат”- деп көрсөткөн. Балакетинеби! Жалган! Учурда И.Жунуевге байланыштуу кылмыш иши Свердлов райондук сотунуда каралып жатат, а анын атасы жана аяш атасына байланыштуу жагдайларды Бишкек ШИИБ иликтөөгө алууда. Бирок, И.Жунуевдин атасы жоопкерчиликтен кутулуу амалын издеп, өзүн психикалык жактан оорулуу катары көрсөтүүгө ашыгууда. Аялы иштеп жатса эмнеге болбосун? Анткен менен, психикалык жактан оорулуу адам кантип жогорку деңгээлдеги афераны башкарып турду экен?

ххх

Искендер Жунуевдин анткен менен бет тырмачылыгы токтогон жок. Өзүнүн, бир туугандарынын алдамчылыгы ашкере болуп, сот залынан туура темир тордун артына кетерин сезген үчүн да, “осурган кыз осурбаган кыздын бетин тытмалайт” болуп, “Вечерний Бишкек” гезитине арызданып барыптыр. Биздин кесиптештер маселенин чоо-жайын жакшы түшүнбөй эле Искендер Жунуевди “баатыр” кылып салганына чындап кейидик. “Как должник кредитора посадить хочет” деген ашкере буйрутма макаланын максаты – Искендер Жунуевдин жоопкерчиликтен качуу аракети болуп саналат. Аз калды, бирөөнүн маңдай тери менен тапкан байлыгына көз арткан азыркынын “остап бендери” сот акыйкат болсо, жазасын толугу менен тартат…

Аэлита Сатындиева

Булак: “Майдан. kg” гезити

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: