Ысык-Көлдүн Бостери айылында эки кишини сабаган адамдар камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.
Маалыматка караганда, мындай чечим Ысык-Көл райондук соту тарабынан кабыл алынган. Шектүүлөр Караколдогу тергөө изоляторуна эки айга камалган.
Айрым маалыматтарга караганда, эки шектүү милиция кызматкерлерине өзүлөрү кармалган. Мындан тышкары, кылмыш иши райондук башкармалыктан Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгына тергөө үчүн өткөрүлүп берилген.
Эске салсак, 20-апрелде белгисиз адамдар эки кишини мыкаачылык менен сабап кетишкен. Сабалгандардын бири Ысык-Көл райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылса, экинчисине амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Мындан көп өтпөй милиция кызматкерлери окуяга катышкан беш шектүүнү кармашкан болчу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ