Menu

Зарылбек Рысалиев, ЖК депутаты: “Мен деле жөө келмекмин”

Бөлүшүү:

– Зарылбек Кылычбекович, кесиптешиңиз Камчыбек Жолдошбаев коомдук унаада жүргөн депутаттар үчүн уялып жатыптыр. Сизчи?

– Ар ким ар кандай келе берет да. Анын баарын карап ким текшерип олтурмак эле. Эгер машинам жок болуп калса мен деле жөө келмекмин. Кудай ошол эл менен аралашып, эл менен жүргөнгө жеткирсин. Асанбай кичи районунда жашайм. Таптакыр эч нерсе жок болсо жөө деле келе алам. Эл аралап жүргөндөн айрыбасын жараткан. Камчыбек Жолдошбаев күндүн суугунда кыз келиндер үшүп жатса, боору ооруп жатса керек.

– Негизги депутаттардын коомдук унаа менен жүргөнүнө каршы эмессизби?

-Эч качан каршы болбойм. Депутаттык статусум бар деп өзүнчө бөлүнүп өзгөчөлөнүп турганын да табиятым сүйбөйт. Ошондуктан бул сөздөргө маани да берген жокмун.

– Депутаттардын жардамчылары дагы машина менен жүрсүн дейт го…

– Депутаттардын жардамчыларына чейин машина бергидей мамлекетте мүмкүнчүлүк жок. Депутаттардын дагы кээ бир таптакыр шарты жокторго беришсе балким ойлончу иш болмок. Мисалы, Дастан Бекешовго берип койсок ашыкча болбойт. Акчасы, машинасы барлар өздөрү эле келсин.

Булак: Де-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: