Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин командасында иштеп келгендер кечээги Сооронбай Жээнбековдун коррупция боюнча айткан сөздөрүнөн кийин, алапайларын таппай эстери ооп жаткан кези. Сыягы алар Сооронбай Жээнбековдон мындай айбатты күтүшкөн эмес. Эми УКМК башчысы Абдил Сегизбаев, Башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын тагдыры чечилгени турат. Убагында аты аталган бул жетекчилер экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигине чоң салым кошушкан. Ошону менен катар Сооронбай Жээнбековдун президент болушуна да чоң салым кошушкан. Эми Жээнбеков буларга каршы чыга алабы? Атамбаев бут тосуп туруп алсачы? Анда кандай болот? Же Атамбаев менен Жээнбековдун тиреши башталганы калдыбы? Эгер тиреш башталса, Жээнбековдун Атамбаев менен күрөшүүгө күчү жетеби?
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ