Menu

Ташкенттеги жаңы мечитке шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун ысымы берилет

Бөлүшүү:

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен Ташкенттин Чиланзар районунда курулуп жаткан мечитке шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун ысымы ыйгарылат.

Шавкат Мирзиёев өткөн аптада мечит курулуп жаткан жерде болуп, иштин жүрүшү менен таанышты.

«Шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф (1952−2015) Өзбекстанда гана эмес, бүтүндөй ислам дүйнөсүнө белгилүү окумуштуу болгон. Ал өз өмүрүн ыйык ислам динин иликтөөгө жана жайылтууга арнаган», – деди президент.

1989-жылы шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф Орто Азия менен Казакстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи болуп дайындалган. Ал көптөгөн ислам өлкөлөрү менен маданий-агартуучулук байланыштарды калыбына келтирген.

Шейх менен Ислам Каримовдун өкмөтүнүн мамилеси начар болгондуктан, ал көп жылдар бою Ливияда жашаган.

Бирок 1999-жылы Ташкенттеги жардыруудан кийин Каримов муфтийдин кадыр-баркынан пайдалануу үчүн аны мекенине чакырган.

Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф 2015-жылы 10-мартта жүрөк оорусунан каза тапкан. Шейхти жерге берүү зыйнатына 200 миңден ашуун киши катышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: