Menu

Айсулуу Токомбаева: “Түркияда жүрүп туулган жерди сагынасың, а Бишкекти көрсөң зээниң кейийт…”

Бөлүшүү:

СССРдин эл артисти, кыргыз балетинин кайталангыс таланты Айсулуу Токомбаева айымды кыргыз элине тааныштыруунун кажети деле жок. 3-февраль күнү А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 70 жылдык юбилейи белгиленди. КР президенти баш, маданият министри төш болуп өздөрү келбесе да куттуктоо каттарын бирөөдөн берип тим болушту. Театрдын директору Болот Осмонов салтанатты ачып, андан ары бий кече менен уланды. Биз Түркия жеринен келген Айсулуу айымды кепке тартып, өткөн-кеткен тууралуу баарлаштык.

— Айсулуу айым, биз сиздин чыгармачыл таржымалыңыздан кабарыбыз бар. Ошентсе да кантип бийчи болуп калганыз жөнүндө бир эскерип коёсузбу?

— Албетте, бул жөнүндө көп эле адамдарга айта берген эмесмин. Музыка дүйнөсүнө апамдын курсагында жатканымда эле камыр-жумур аралашкандай сезе берем. 1947-жылы “Айчүрөк” операсында апам Калыймандын партиясын ырдаганда боюнда экенмин. Кийин апам дайыма мени театрга үзбөй ээрчитип барчу. Репетиция аяктаганга чейин сахна артында карап отурчумун. 3-4 жашымда “Чио-Чио-Сан” операсында кичинекей баланын ролун аткарып атып, Сайра Кийизбаева эже коштошуу ариясын ырдап жатса, музыкага катуу таасирленип, көзүмөн жаш токтобой куюлганы азыр да эсимде. Чыгармачылык чөйрөнүн адамы болорумду ошол бала кезимде эле билип, туйчумун. Бирок, балерина, бийчи болуп кетем деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Улуу Ата мекендик согуш учурунда Ленинграддагы Ваганова атындагы орус академия балетинин мугалими Марина Страхова Кыргызстанга келип, Рейна Чокоеванын үйүндө жашап калат. Бул жерде бий өнөрүнөн сабак берип жүрүп, 1947-жылы Ленинградга кыргыз балдарын окутууга тандайт. Тандалгандардын ичинде биринчилерден болуп Рейна Чокоева Ленинградга окууга өтүп, тогуз жылдан соң бүтүп келип биздин театрга иштеп калышты. Мен кийинки жолку тандоо туруна катышып, он жети окуучу менен бирге кеттим. Ал жактан дагы тандоо болуп он эки окуучу калганбыз. Апам “мен өзүмө ашыкча көйнөк сатып албайм. Силер окуп алсаңар, дүйнө жүзүнүн каалаган жерине барып иштей аласыңар” деп сиңдим Гүлмира экөөбүзгө айта берчү. Кийин ал жактан бешөөбүз бүтүп келдик, кыскача ушундай.

— Сиздин Түркия өлкөсүндө иштеп жүргөнүңүзгө быйыл 23 жыл толот экен. Ал жакка кандайча барып калгансыз?

— 1995-жылы Кыргызстан менен Түркия мамлекеттери ортосунда маданият күндөрү өтүп, ошону менен катар бир канча келишимдер ишке ашты. Анын бирөөсү искусство жана маданият тармагында иштеген мугалимдер үчүн болуп, мага күтүүсүздөн сунуш түштү. Сунушту кагып салганга мүмкүн болбоду. Себеби, СССРдин эл артистинин пенсиясы жана иш айлыгым бириккен учурда да ал акчага жашаганга мүмкүн болбоду. Орустардын “Рыба ищет где глубже, а человек где лучше” же түрктөрдүн “киндик кан тамган жер эмес, сени бөпөлөп баккан жер мекениң болот” дегендей, көздү жумуп, нары карап ыйлап, бери карап күлгөн бойдон макулдугумду берип, Түркияга кетип калдым.

— Контракт менен иштедиңизби? Ал ортодо Кыргызстанга келүү мүмкүнчүлүгү каралдыбы?

— Ар жыл сайын келишим түзүлөт. “Дагы бир жылга узартылсын же узартылбасын” деген таризде. 23 жылдан бери контракттын негизинде иштеп келатам. Ал эми Кыргызстанга келүү жагын кароо азыр да мүмкүн эместей. Себептерин жогоруда айтып кеттим. Анткен менен апам айтып калчу эле “жан тартпаса да, кан тартат” деп. Анын сыңарындай, ыйык мекенимди абдан сагынам. Айрыкча жаш өтүп бараткан сайын туулган жерге болгон кусалык уламдан-улам күч ала берет экен. Кандай күн болгондо да менин киндик каным ушул жерге тамган, мен кыргызмын, кыргыз болуп калганыма сыймыктанам.

— Бийлеп жүргөн кезиңизде тамакты тоё жечү белеңиз же тарта-тарта жеп, бир салмакты кармаганга аракет кылчусузбу?

— Биздин үй-бүлөнүн адамдары туура тамактанууну туу тутуп келебиз. Биринчиден, апабыздын таасын тарбиясы бизди көндүрүп койгон. Экинчиден, генетикалык жактан толуп кетүү жагы бизде жок окшойт. Ваганова атындагы окуу жайды бүтүп, өзүбүздүн театрга келгенде 47 килограмм салмакта болчумун. Тамак мен үчүн машинага май куйгандай эле кеп. Кезектеги спектакль алдында курсакты кампая тойгузуп, аны сахнада 3-4 саат бою жан ургандай иштеп, кээде эки килограммга чейин кайрадан салмак таштаар элем. Элестетсеңиз, чачымдын түбүнөн учуна чейин сууга салгандай тер басчу. Биздин театрдын сахнасында менин терим куюлбаган, тамбаган жери жок деп мактана алам.

— Биринчи өз алдынча бийлеген спектаклиңиз 1966-жылы “Асел” балети экенин билебиз. Ал эми эң акыркы спектаклиңиз эсимде жок…

— 1995-жылы Түркияга кетер алдында Уран Сарбагишев “Томиристи” койду. Ал эми сахна менен коштошуп жатып Чайковскийдин “Ак куу көлү” балети менен аяктадым. Жалпылап айтканда, 30 жыл бою тынымсыз бийлептирмин.

— Алгачкы алган гүлүңүз эсиңиздеби?

— Ваганов атындагы окуу жайды 1966-жылы аяктап, дипломдук иш катары Киров театрында бийлеп 19 жашымда биринчи жолу эң жакын курбумдан бир букет гүл алгам. Аны кантип унутасың! Сүйүнүчүмө чек жок, денем алып учуп калган.

— Балет өнөгүңүз жактан салмак боюнча эскертүү алган күндөр болду беле?

— Окуу жайды бүтүп келген жылы биздин театрда “Аселди” коймок болуп менин өнөгүм Бактыбек Арунов болду. Жаш актрисамын, тажрыйба жок, ошондуктан өнөгүм менен бир мезгилге чейин кыйналып жүрдүк. Ал эми Чолпонбек Базарбаев менен бийлегенде андай учурлар болбоду. Бири-бирибизди колдоп, салмак кошсом мага эскертүү бергендин ордуна өзү булчуңдарын чыңап, күчтүү болгонго аракет кылчу. Кийинки жылдары театр гастролго чыгып, Балтика республикаларына багыт алдык. Өнөгүм Арстанбек Ирсалиев экөөбүз бирге түштөнмөк болуп мен өзүмө салат, шорпо, коюу тамак, үч кесим нан, эки стакан суусундук алганда “Айсулуу, бийлеген кыздардай тамактансаң болбойбу?” деген. Кийинки күнү өзү тамакка чакырып калды, мен салат, бир стакан кофе алсам, “мына, балеринанын түштөнүүсү ушундай гана болуш керек” деп бир жыргап күлүп алган.

— Кыргыз жергесин сагынып калыпсызбы?

— Бу жолу келгенимде бир кызыктай нерсени байкадым. Биздин учурда Фрунзе аябай кооз шаар эле. Жолдорубузга “СССРдеги эң жакшы жол” деп баа беришкен. Биз турган Панфилов паркы бейиштин төрүндөй сезилчү. Театрдагы артисттердин кийимдерин көрүп эле жомок дүйнөгө кирип кетчүбүз. А кездеги жаштар билим алуу менен гана алек болор эле. А азырчы, жолдор тазаланбайт, карлар алынбайт. Бишкекте бактарды аёосуз кыркып атат, жаңы көчөттөр жокко эсе, зээниң кейийт, туш тарабыңдын баары ыраатсыз ресторан, кафеге толуп кеткен. Панфилов паркы бизнес-борбор сымал түр калтырат. Жаштар окуу менен эмес, жалданып иштөө менен алек. Театрыбыздын кийимдери маанай көтөрмөк тургай, тескерисинче чөгөрүп, жаңыланууну байкабай турам. Ал эми ушундай эле чет элдик борбор шаарлардын жаңыланып атканын байкап салыштырып, ордо калаага ичим чыкпай турат.

— СССРдин эл артисти наамын берген күн эсиңиздеби? Бир башкача жагдайда берилгендей болгон…

— Албетте эсимде. 1981-жылы филармонияда мамлекеттик деңгээлде концерт өтмөк болуп, артист көйнөгүмдү колума көтөрүп алып, троллейбус менен эле келдим. Москва шаарынан Борбордук Комитеттин политбюродогу кишиси келиптир. Эл алдына чыгарда алпаруучу Жолдубай Кайыпов менин бөлмөмө келип, “Айсулуу, сага СССРдин эл артисти наамын ыйгарыптыр. Азыр чыгасың, даярдан. Мага Турдакун Усубалиевич жактан ушундай көрсөтмө келди” деди. Сахна жакка келгенимде “азыр алдыңарга СССРдин эл артисти Айсулуу Токомбаеваны чакырып коюга уруксат этиңиздер!” дегенде, сахна артында  турган башка артисттер бомба жарылгандай уу-дуу боло түшүп, кызалаңдашып, “каяктагы СССРдин?! Алпаруучу ченебей жаңылды. Бетимдин беш териси, уят, уят! Как она народная, как-как народная, что за бред несет” деп жаалап ийишти. Концерт бүткөндөн кийин бир да адам басып келип мени куттуктаган жок. Болгону Жолдубай менен Чолпонбек экөө куттуктады, болду. Баягы артист көйнөктөрүмдү кайрадан көтөрүнүп алып үйдү көздөй өзүм жалгыз Фрунзенин көчөлөрүндө кетип бараттым. Бир убакта артыман бирөө келатканын байкап калдым. Карасам Кайыргүл Сартбаева эже экен. А киши бир жыл мурун СССРдин эл артисти наамын алган. Мага “Айсулуу, эмне жалгыз кетип баратасың? Ушундай күндө жетимсиреп басканың болбойт? Атаң, апаң кайда?” деди. Мен “атам кызматынан отпуск алып, апам экөө шаарда жок. Сиңдим Гүлмира үйдө. Жүрүңүз, биздин үйгө барып чай ичели. Мен деле наам берет деп күткөн эмесмин” деп үйгө ээрчишип келдик. А Гүлмира уулу менен телевизордон концертти көрүп, мени “СССРдин эл артисти” дегенди укканда бир саам өздөрүн жоготуп коюшуптур. Ата-энебизге айтып сүйүнтөлү десек, азыркыдай сотка жок, кийин билишти. Анан төртөөбүз отуруп алып эл артисти наамын майлап-сүттөп, бирге белгилегенбиз.

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Булак: Азия Ньюс

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: