Ош шаарындагы аскер бөлүмүнүн кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
8-октябрда Ош шаарынын Кара Суу районунун тургуну ИИМдин региондор аралык башкаруу бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Арызында уулунун аскердик билетин бүтүрүп берүү үчүн андан аскер бөлүмүнүн кызматкери акча сурагандыгы жөнүндө жазган. Маалым болгондой кызматкер буга чейин май айынын башында мыйзамсыз түрдө 19 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган. Андан кийин дагы 5000 сом сураган, жалпысынан 24 миң сом өлчөмүндө пара сураган. Бул иш боюнча Ош шаарынын аскер прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Милиция тарабынан уюштурулган атайын операциянын негизинде ИИМдин региондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүүнү 5000 сом өлчөмүндө пара алып жаткан кезинде кармашкан, маалым болгондой ал Ош шаарынын аскер бөлүмүндө иштеген Ж.А. болуп чыккан.
Азыркы учурда бул боюнча аскер прокуратурасы тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ