Menu

Самат Аалканов, психолог: “Байлык дагы, кедейлик да биздин мээбиздин ичинде”

Бөлүшүү:

Каарманымдын кеңири келечеги бар, ар бир суроого жооп таба билген, жол издегендерге жол көрсөткөн, психологиялык жардамга муктаж адамдарга кеңешин берген психологдордун бири. 

— Көп үй-бүлөлөр “жакшы эле акча тапкандай болдук, бирок эч нерсеге жетпейт” деп наалып калышат. Акчаны кантип жугумдуу кармаса болот?

— Эң башында байлык жана кедейлик кай жакта болгонун белгилеп кетсек болот. Көп адамдар “Кедей Кыргызстанда жашайбыз. Көбүрөөк акча табууга мүмкүн эмес. Бизде акча табуу оор. Өкмөт начар, мамлекет начар, бизге жакшы төлөй алышпайт” деп наалышат. Адамдар ошентип ойлонгондо мен бир нерсени айтып кетет элем: байлык дагы, кедейлик дагы биздин мээбиздин ичинде. Ар бир адамдын ар кандай ишенимдери бар. Ар бир адамдын жашоого болгон куралдары, эрежелери бар да. Мисалы, бир адамдын “акча табуу оор, акча деген суу” деген түрдүү ишенимдери болушу мүмкүн. Эгер адамдын ошондой ишенимдери болсо, адам өзүнө ошондой кырдаалдарды жарата баштайт. Ошол акча таба турган ар кандай мүмкүнчүлүктөр болуп турса дагы көрбөйт. Ал мүмкүнчүлүктү колдонбойт. Андай адамдарга айтып кетерим, бул адам өзү акчага болгон мамилесин оңдош керек. Илгерки заманга кайтып барсак, жакшы мергенчи, башкаруучу же падыша жакшы жашаганга, жан сактаганга мүмкүнчүлүгү болгон. Азыркы заманда акчаны башкара билген, колдоно билген кишиге жансактаганга мүмкүчүлүгү бар. Ошон үчүн акчага болгон мамилени, ойду өзгөртсө, акчаны жугумдуу кылганга мүмкүчүлүгү болот.

“Жарым жыл ичинде мынча акча таба албасам жашай албайм” деген ой мээде ойгонсо, элестөө ойгонсо, кандайдыр бир деңгээлде аны табууга жолдор да табыла баштайт. Мисалы, биздин тамакка, нанга муктаждыгыбыз бар. Иштебей отуруп калсак да бир жерден акча келет. Акча табуу үчүн муктаждык жаратыш керек.

— Адам өзгөрүүнү эмнеден баштоосу керек?

— Сырткы келбетиңди да, ички дүйнөңдү да бирдей кароо керек. Сырткы келбетиң кандай болуп турса, оорубасаң сенин гормондоруңда да ишенич болуп, ийгилик жаратууга мотивация берет. Башка адамдар да жакшы кабыл алат. Башка адамдар канчалык жакшы кабыл алса, өнүгүүгө да мүмкүнчулүгүң бар. Бирок, жалгыз келбет менен иштөөдөн көйгөй чечилбейт. Ошон үчүн ички дүйнө менен да иштөө керек. Ишенимдерди ойготуу керек. Негативдүү эмоциялардын себебин таап, чечип, өзүңдү ар тараптуу өнүктүрүү зарыл.

 Жаныңызда ийгиликтүү, кызыктуу адамдар болсун

Ийгилик — бул бат эле келип, кетип калчу нерсе эмеспи. Бирок, ийгилик дайыма сизди коштоп жүрүшүн кааласаңыз, анда төмөнкү кеңештер сиз үчүн:

  • Жаңы танышуудан качпаңыз, эгер сизге бир нерсе керек болуп жатса, биринчи сөз баштоодон тартынбаңыз. Ал эми өз орду менен сүйлөп, жакшы таасир калтыргыңыз келсе, дүйнөтаанымды өркүндөтүү керек;
  • Өзүңүздү ийгиликтүү жана кызыктуу адамдар менен гана коштоңуз;
  • Жаңы нерсеге кызыгуудан, жаңы бир нерсени баштоодон коркпоңуз.
  • Майда-барат маселелер үчүн кыжырды келтирип, капа боло бербеңиз. Жаман эмоциялар ийгиликти качырат;
  • Өз интуицияңызга бекем ишениңиз;
  • Жаман эмоциялардан арылуу үчүн йога дене тарбия менен машыгуу зарыл;
  • Эң эле жаман абалдан да жакшы жагын издеңиз;
  • Өз ийгилигиңизге ишениңиз;
  • Жашоого позитивдүү көз караш болушу шарт;
  • Эң башкысы, өзүңүздү барктап, сүйө билиңиз.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: Азия Ньюс 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: