Menu

2016-жылдын январь айында Ош бажысынан 168,5 млн сом өлчөмүндө бажы алымы чогултулса, 2018-жылдын январь айында 591 млн сом топтолду

Бөлүшүү:

2016-жылдын январь айында Ош бажысынан 168,5 млн сом өлчөмүндө бажы алымы чогултулса, 2018-жылдын январь айында 591 млн сом топтолду. Демек, өткөн жылга салыштырмалуу, бажы төгүмү 5 эсе өстү. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде республикалык бюджеттин 2017-жылы аткарылышынын алдынала жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулуп жатканда белгилүү болду.

«Бажы тармагындагы бажы алымдары жаатында кескин өсүштөр болууда. Дагы резервдер бар экенине толук ишеним бар», – дейт Бажы кызматынын башчысынын орун басары Замирбек Ниязалиев.

Мындай жакшы жөрөлгөлөргө маани берүү зарылдыгын белгилеген депутат Сайдлла Нышанов буга чейин ал каражаттын бюджетке түшпөй келгени үчүн кимдир бирөөлөр жооп бериши керек экенин белгиледи. «Айырма өтө чоӊ болуп жатат. Элдин акчасы желип келген да. Айрым адамдар 1000 доллар үчүн 10 жыл түрмөгө кесилүүдө. Ошондуктан, алардын жоопкерчилиги каралууга тийиш. Ал эми азыркы жетекчилердин аракетин баалашыбыз керек», – дейт ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: