Дүйшөмбүдө АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия президенти Владимир Путинге телефон чалып, «Саратов аба жолдорунун» учагынын кырсыкка учурагандыгына байланыштуу көңүл айтты.
АКШ кырсыктын себептерин иликтөөгө жардам берүүгө даяр экенин билдирген Трамп Орусия менен узак мөөнөттүү тынчтык келишимине жетишүү мезгили келгенин белгиледи.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президенттер эки тараптуу кызматташтыктын башка маселелерин, ошондой эле Түндүк Корея көйгөйүн талкуулашты. Дональд Трамп Корей жарым аралын өзөктүк куралсыз аймакка айлантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
ТАСС агенттиги өлкө башчылар израил-палестин маселесин дагы талкуулаганын жазды. Маалыматка караганда, анда Путин учурда аймактагы абал тараптар каалагандай эмес экенин белгилеген.
Агенттик ошондой эле палестиналыктар Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдө жалгыз ортомчу катары АКШны кабыл ала албастыгын айткан Аббастын сөздөрүн жазды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ