Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагында 2018-жылдын 9-февраль күнү Кара-Кабак айылында жер астындагы суулар көтөрүлүп, муз катмары пайда болуп, турак жайларды каптап кетүү коркунучу жаралган. Ошондон бери алдын алуу жумуштары жүргүзүлүп келүүдө.
2018-жылдын 13-февраль күнү “ГИК-Кайди” ЖЧК алтын кен ишканасынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылып, 100 метр дренаждык канал казылган. 9-февралдан 13-февралга чейин жалпы 485 метр дренаж казылган. 2018-жылдын 14-февраль күнү иш-чаралар улантылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ