Menu

А.Ибраимов: “Мен уялбайм, тескерисинче дем алыш күндөрү коомдук транспортторго отуруп абалына байкоо салам”

Бөлүшүү:

Акыркы кезде Бишкек шаарынын мэри А. Ибраимов тууралуу коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда. Айрымдар анын чарбачыл, өзүн пиар кылганды жактырбай, дайыма иш менен алектенгендигин айтышса, башкалар “мен күндө теледен чыга бергидей диктор эмесмин”,- деген сөзгө чоркоктугун жана тил боюнча экзамен тапшырганда мамлекетибиздин аталышын ката жазган “сабатсыздыгы” үчүн сындап келишет. Анткен менен шаар башчы жакында күндө болбосо да, дем алыш күндөрү “уялбай” эле коомдук транспортко түшөрүн сүрөтү менен далилдеп, дагы бир ирет сенсация жаратты. Ал коомдук транспортко түшө турганын маалымат жыйыны учурунда өзү билдирди. “Мен уялбайм, тескерисинче дем алыш күндөрү коомдук транспортторго отуруп абалына байкоо салам”,- деп, коомчулукка көп чыга бергиси келбегендиктен мындай иштерге ЖМК менен фотографтарды чакырбай турганын да кошумчалаган. Албетте, мэрдин дайыма болбосо да, дем алыш күндөрү минтип, “уялбай” эле автобус, троллейбустарда жүргөн жакшы деңизчи. Бирок анын мындай кадамы популисттик үчүн жасалбай, чындап эле өзү менен кошо кол астындагы чиновниктерди да эл менен кошо жумушка келип- кетүүгө өтсө, шаардын жол тыгыны жоюлуп, коомдук транспорттордун көйгөйү да жоюлмак беле?

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: